Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына 2025-жылдын январь-ноябрь айларында 7724 кайрылуу келип түштү, анын ичинде:

  • жазуу түрүндө кайрылуулар – 341;

  • ооз эки кайрылуулар – 963;

  • КР Соцфондунун жетекчилиги тарабынын кабыл алынды – 89 жаран;

  • ишеним телефондор аркылуу – 4265;

  • уюлдук ишеним телефону аркылуу – 2066.

Жарандар төмөнкү багыттагы суроолор менен кайрылышат:

  • Пенсия чектөө;

  • Пенсияга укугу боюнча;

  • Пенсияларды индексациялоо;

  • Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө;

  • Пенсиялардын өлчөмүн кайра эсептөө боюнча;

  • Пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө боюнча;

  • КР Социалдык фондунун ишмердүүлүгү боюнча башка суроолор;

Социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө келип түшкөн бардык суроолорго мамлекеттик жана расмий тилде  жеткиликтүү жооптор берилип келүүдө.

Сурооңуз болсо, төмөнкү байланыш телефондору аркылуу кайрылсаңыз болот:

-0312 57 66 61; 0312 54 33 16; 0555 64 04 16;

-Колл-борбор-1202.