Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына 2025-жылдын январь-ноябрь айларында 7724 кайрылуу келип түштү, анын ичинде:
-
жазуу түрүндө кайрылуулар – 341;
-
ооз эки кайрылуулар – 963;
-
КР Соцфондунун жетекчилиги тарабынын кабыл алынды – 89 жаран;
-
ишеним телефондор аркылуу – 4265;
-
уюлдук ишеним телефону аркылуу – 2066.
Жарандар төмөнкү багыттагы суроолор менен кайрылышат:
-
Пенсия чектөө;
-
Пенсияга укугу боюнча;
-
Пенсияларды индексациялоо;
-
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө;
-
Пенсиялардын өлчөмүн кайра эсептөө боюнча;
-
Пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө боюнча;
-
КР Социалдык фондунун ишмердүүлүгү боюнча башка суроолор;
Социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө келип түшкөн бардык суроолорго мамлекеттик жана расмий тилде жеткиликтүү жооптор берилип келүүдө.
Сурооңуз болсо, төмөнкү байланыш телефондору аркылуу кайрылсаңыз болот:
-0312 57 66 61; 0312 54 33 16; 0555 64 04 16;
-Колл-борбор-1202.
Русский