«Түндүк» мобилдик тиркемесинде КР Социалдык фонду тарабынан берилүүчү төмөнкү маалымкаттар жеткиликтүү:

  • Камсыздандырылган адамдын камсыздандыруу төгүмдөрү жөнүндө маалымат (эмгек акы жөнүндө);
  • Расмий пенсионер статусу бар экендиги жөнүндө маалымат;
  • Камсыздандырылган адамдын камсыздандыруу төгүмдөрү жөнүндө маалымат (эмгектин бүткүл мезгили);
  • Пенсиялык топтоолор жөнүндө маалымат (топтолуучу пенсиялык фонд);
  • Пенсия алуучу жөнүндө кеңири маалымат.

«Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу жеткиликтүү болгон маалымкаттарды 2025-жылдын 1-майынан баштап кагаз түрүндө берүү токтотулду. Бул 50 жаштан жогорку курактагы жарандарга, жарандардын социалдык жактан аялуу катмарына, ошондой эле маалымкаттарды Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкаркы жерлерде пайдалануу үчүн талап кылынган учурларга тиешелүү эмес. 

Өтүнмөнү жиберүү тартиби: