КР Социалдык фонду 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарды: пенсиялардын жогорулашы, санариптик реформалар жана жарандар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр.
Бишкек, Кыргызстан — Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда 2025-жылдагы ишмердүүлүктүн жыйынтыктары боюнча кеңейтилген коллегиялык жыйын өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана КР Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн социалдык секторунун башчысы Жыпариса Рысбекова катышты.
Жыйын Социалдык фонддун Төрагасы Бактияр Алиевдин жетекчилиги астында өтүп, ага төраганын орун басарлары, борбордук аппараттын башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле бардык шаардык жана райондук башкармалыктардын башчылары катышты.
1. ФИНАНСЫЛЫК ТУРУКТУУЛУК ЖАНА ПЕНСИЯЛАРДЫН ӨСҮШҮ
2025-жыл Социалдык фонд үчүн финансылык туруктуулуктун жана көрсөткүчтөрдүн өсүү жылы болду:
• Кирешелер: 2025-жылы бюджеттин киреше бөлүгү 130,1 млрд сомду түздү, бул 2024-жылга салыштырмалуу 12,9%га (14,8 млрд сомго) көп.
• Пенсия төлөмдөрү: Чыгымдар 127,1 млрд сомду түзүп, анын ичинен 110,3 млрд сому түздөн-түз пенсия төлөөгө багытталды. Бул көрсөткүч мурунку жылга караганда 14,9 млрд сомго көп.
• Индексация: 2025-жылдын 1-octябрынан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 10%га (кеминде 600 сом) жогорулады. 50 000 сомдон жогору пенсия алгандар үчүн кошумча төлөм 5 000 сомду түздү.
• Орточо пенсия: 2026-жылдын 1-январына карата өлкө боюнча орточо пенсия 11 238 сомду түздү. Учурда республикада 816,6 миң пенсионер бар.
• Маанилүү: Пенсиялар жыл бою өз убагында, кечиктирилбестен төлөндү. 2026-жылга карата пенсия боюнча эч кандай карыз жок. Бюджеттин профицити 3,0 млрд сомду түзүп, фонддун туруктуулугун далилдеди.
2. ТОПТОМО ФОНД: ИПОТЕКА ЖАНА САЛАМАТТЫКТЫ КОЛДОО
Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарын жарандардын кызыкчылыгына колдонуу механизмдери кеңейтилди. 2026-жылдын башына карата 228 670 адам жалпысынан 6 млрд сомдон ашык төлөм алышты:
• Турак жай: 8,8 миңден ашык жаран ипотекалык насыясын жабуу же МИК аркылуу турак жай алуу үчүн 2 млрд сомго жакын топтоолорун пайдаланышты.
• Дарылануу: 809 жаран оор ооруларды дарылоого мөөнөтүнөн мурда каражат алышты (132,3 млн сом).
• Инвестиция: 2025-жылы топтомо каражаттарды инвестициялоодон түшкөн киреше 6 734,2 млн сомду түзүп, каражаттардын ишенимдүү өсүшүн камсыз кылды.
3. САНАРИПТЕШТҮҮ ЖАНА РЕФОРМАЛАР
• Автоматташтыруу: Банктар аркылуу төлөм алган пенсионерлер үчүн жаңы СФ АИС системасына өтүү толугу менен аяктады.
• Бюрократияны жоюу: Багуучусун жоготкондугу боюнча пенсия чектөөдө каза болгондугу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн нотариалдык күбөлөндүрүү талабы алынып салынды.
• «Түндүк» системасы: 17 мамлекеттик орган жана 50 банк менен электрондук байланыш түзүлүп, маалымкаттардын саны кескин кыскарды.
4. ИШКЕРЛЕРГЕ ЖАНА МИГРАНТТАРГА КОЛДОО
• Жеңилдетилген тарифтер: Такси жана курьерлер үчүн 1%, тигүү тармагына 12%, ТҮШ (ТСЖ) кызматкерлерине 2% тарифтери киргизилди. 1 гектардан ашык жери бар фермерлер милдеттүү төгүмдөрдөн бошотулду.
•Эл аралык кызматташтык: ЕАЭБ өлкөлөрү, Түркия, Түштүк Корея жана Кытай менен пенсиялык укуктарды коргоо келишимдери ийгиликтүү ишке ашууда. Казакстан менен маалымат алмашуу боюнча макулдашууга кол коюлду. Андан тышкары Германия жана Австрия жана Азербайджан менен сүйлөшүүлөр улантылууда.
Коллегиянын жыйынтыгында Эдил Байсалов Социалдык фонддун 2025-жылдагы ишин жогору баалап, калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын мындан ары да жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.


Русский