Бишкек, Ынтымак Ордо, 29-январь – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Бактияр Алиевди кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Министрлер кабинетинин башчысына өлкөнүн пенсиялык системасын реформалоонун негизги этабы болуп саналган Социалдык фонддун жаңы автоматташтырылган маалыматтык системасы тааныштырылды. Белгиленгендей, автоматташтырылган система Социалдык фонддун ишин модернизациялоого жана натыйжалуулугун жогорулатууга, калкты тейлөөнүн сапатын жакшыртууга, ошондой эле маалыматтарды иштеп чыгуу убактысын кыскартууга жана коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга өбөлгө түзөт.
Автоматташтырылган система пенсияны жол-жоболоштуруу процессин кыйла жөнөкөйлөтүп, жарандарды кагаз түрүндөгү документтерди чогултуудан бошотот. Система керектүү маалыматты автоматтык түрдө чогултуп, жарандардын арыздарын кароо убактысын кыскартат. Мындан тышкары, система персоналдык маалыматтарды жогорку деңгээлде коргоону камсыздайт жана ар кандай киберкоркунучтарга туруштук бере алат.
Жолугушуунун жүрүшүндө Социалдык фонддун ишмердүүлүгү боюнча актуалдуу маселелер да талкууланды.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Социалдык фонддун ишмердүүлүгүндө реформаларды ырааттуу жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ведомствонун артыкчылыктуу багыты пенсионерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат деп кошумчалады. Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар тапшырмалар берилди.
Белгилей кетсек, бул автоматташтырылган система Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасын 2024–2028-жылдарга санариптик трансформациялоо концепциясын бекитүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык иштелип чыккан.

Русский