«Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык коррупция – бийлик ыйгарым укуктарына ээ болгон бир же бир нече кызмат адамдарынын материалдык, ар кандай башка жыргалчылыктарды жана артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу максатында айрым адамдар же топтор менен укукка каршы туруктуу байланышын түзүүдө, ошондой эле алар тарабынан бул жыргалчылыктарды жана артыкчылыктарды жеке жана юридикалык жактарга берүүдө турган, коомдун же мамлекеттин кызыкчылыктарына коркунуч туудурган атайылап жасалган жосундар. Коррупция – бул мыйзамсыз иш-аракет, мыйзам тарабынан куугунтукталган кылмыш.

2021-жылдын декабрында Кыргыз Республикасынын жаңы Кылмыш-жаза кодекси күчүнө кирди, анын максаты инсандын укуктарын жана эркиндиктерин, менчикти, коомдук тартипти, коомду, мамлекетти, айлана-чөйрөнү, Кыргыз Республикасынын Конституциялык түзүлүшүн кылмыштуу кол салуулардан коргоо, тынчтыкты жана адамзаттын коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыштардын алдын алуу жана кылмыштар менен бузулган адилеттүүлүктү калыбына келтирүү болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын жаңы Кылмыш-жаза кодексинде коррупциялык кылмыштарга «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар» деген 42-глава бөлүнгөн, ал коррупциялык кылмыштардын белгилерин, коррупциялык кылмыштар деп таанылган коомдук коркунучтуу жосундардын чөйрөсүн, жазык жоопкерчилигинин негиздерин, жазалардын түрлөрүн жана коррупциялык кылмыштарды жасаган адамдарга карата колдонулуучу жазык-укуктук мүнөздөгү башка чараларды белгилеген 13 беренеден турат.

Төмөндө Кыргыз Республикасынын Кылмыш–жаза кодексинин «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар» деген 336-348-беренелеринин 42-главасы келтирилген.

336-берене. Коррупция

  1. Коррупция – материалдык, ар кандай башка байлыктарды жана артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу, ошондой эле коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгына коркунуч келтирүүчү жеке адамдарга жана юридикалык жактарга бул байлыктарды жана артыкчылыктарды берүү максатында бийлик ыйгарым укугуна ээ болгон бир же бир нече кызмат адамдарынын айрым жактар же топтор менен укукка жат туруктуу байланыш түзүшүндө турган атайлап жасалган аракеттер, –

мүлкүн конфискациялоо менен, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен он жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

  1. Уюшкан топтун, кылмыштуу коомдоштуктун кызыкчылыгында жасалган же оор залал алып келген ошол эле жосун, –

мүлкүн конфискациялоо менен, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен он эки жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

337-берене. Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу

  1. Кызмат адамы тарабынан өз кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдалануусу, атайылап же этиятсыздыктан олуттуу залал келтирсе, –

3000ден 5000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

  1. Өзү же болбосо башка адамдар үчүн пайда көрүү жана артыкчылык алуу максатында же башка жеке кызыкчылыктар үчүн жасалган ошол эле жосун, –

5000ден 10000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

  1. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган, этиятсыздыктан оор залал келтирген жосун, –

10000ден 20000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же мүлкүн конфискациялоо менен, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

  1. Ушул берененин 1, 2 же 3-бөлүктөрүндө каралган, жоопкерчиликтүү абалды ээлеген кызмат адамы тарабынан жасалган жосундар, –

20000ден 25000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же мүлкүн конфискациялоо менен, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

338-берене. Бийликтен аша чабуу

  1. Кызмат адамы тарабынан же анын буйругу боюнча, анын айтканы же макулдугу менен анын ыйгарым укуктарынын чектеринен чыккан (ушул Кодекстин 137-беренесинде каралган кыйноолордон башка) же өмүр жана ден соолук үчүн коркунучтуу болбогон зомбулукту колдонуу менен, же мындай зомбулукту колдоном деп коркутуу менен бириккен аракеттерди жасоо, –

3000ден 5000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

  1. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) куралды же атайын каражаттарды колдонуу менен;

2) дене-бойго зомбулук колдонуу менен же аны колдоном деп коркутуу менен;

3) уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун кызыкчылыгы үчүн;

4) оор залал келтирүү менен, –

5000ден 10000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же мүлкүн конфискациялоо менен, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

  1. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган, жооптуу абалды ээлеген кызмат адамы тарабынан жасалган жосундар, –

10000ден 20000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же мүлкүн конфискациялоо менен, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

339-берене. Билип туруп пайдасыз контракт түзүү

  1. Кызмат адамы тарабынан билип туруп мамлекет үчүн пайдасыз келишим түзүү, ага тете мындай кызмат адамы тарабынан ири зыян келтирген мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу, –

3000ден 5000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

  1. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) өзгөчө ири зыянды келтирүү менен, –

5000ден 10000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же мүлкүн конфискациялоо менен, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

340-берене. Мыйзамсыз баюу

  1. Кызмат адамынын башка адамдын эсебинен менчигине (пайдалануусуна) кылмыш жолу менен алынган жана мыйзамсыз деп таанылган, наркы иштеген акыркы эки жыл үчүн мыйзамдуу булактар менен тастыкталган анын расмий кирешелеринен ашкан мүлктү өзүнө ыйгарып алуусу, –

3000ден 5000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же мүлкүн конфискациялоо менен, эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

  1. Жооптуу абалды ээлеген кызмат адамдары тарабынан жасалган ошол эле жосундар, эгерде мүлктүн наркы кызмат адамынын акыркы толук беш жыл үчүн мыйзамдуу булактар менен ырасталган расмий кирешелеринен ашса, –

10000ден 20000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же мүлкүн конфискациялоо менен, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

341-берене. Кызмат адамынын ишкердик ишке катышуусу

Кызмат адамы ишкердик ишти ар кандай формада жүзөгө ашырса же башкарууга жеке өзү же болбосо ишенимдүү же аффилирленген жак аркылуу катышса, эгерде бул жосундар мындай уюмга жеңилдиктерди, артыкчылыктарды берүү же ага башка формадагы колдоо көрсөтүү менен байланышса, коомго жана мамлекетке олуттуу залал келтирсе, –

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 3000ден 5000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

342-берене. Пара алуу

  1. Кызмат адамынын, чет өлкөлүк кызмат адамынын, же болбосо эл аралык уюмдун кызмат адамынын пара берүүчүнүн же анын атынан иш жүргүзүүчү адамдын пайдасына кызмат адамынын кызматтык ыйгарым укуктарына кирген, же болбосо аларга өзүнүн кызматтык абалы боюнча көмөктөшө алган аракеттери (аракетсиздиги) үчүн жеке өзү же ортомчу аркылуу пара алуусу, ошого тете пара алууга макулдук берүүсү, –

5000ден 10000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же мүлкүн конфискациялоо менен же аны колдонбостон, эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

  1. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) мыйзамсыз аракеттери (аракетсиздиги) үчүн;

2) мамлекеттик же муниципалдык кызмат тутумундагы кызмат ордун бергендиги үчүн;

3) адамдардын тобу тарабынан;

4) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

5) ири өлчөмдө, –

10000ден 20000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же мүлкүн конфискациялоо менен, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

  1. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган аракеттер:

1) өзгөчө ири өлчөмдө;

2) жооптуу абалды ээлеген кызмат адамы тарабынан, –

20000ден 25000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же мүлкүн конфискациялоо менен, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Ушул Кодекстин 342-345 жана 362-беренелеринде пара деп пара берүүчүнүн же анын атынан иш жүргүзүүчү адамдын пайдасына жасалган аракеттер (аракетсиздиги) үчүн берилүүчү же алынуучу акчалар, баалуу кагаздар, башка мүлктөр же мүлктүк мүнөздөгү пайдалар түшүнүлөт.

Ушул Кодекстин 342-345-беренелеринде ири өлчөмдөгү пара деп кылмыш жасоо учуруна карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн өлчөмү – бир миң эсе ашкан, ал эми өзгөчө ири өлчөмдөгү пара деп он миң эсе ашкан пара эсептелет.

343-берене. Опузалап пара алуу

  1. Берүүчүнүн кызыкчылыгында анын мыйзамдуу укуктарын бузган аракеттерди (аракетсиздикти) аткаруу же аткарбоо үчүн кызмат адамынын жеке өзү же ортомчу аркылуу параны талап кылуусу, ага тете анын укук тарабынан корголуучу кызыкчылыктарына зыяндуу кесепеттерди болтурбоо максатында пара берүүчүнү пара берүүгө мажбурлаган шарттарга коюусу, –

10000ден 20000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же мүлкүн конфискациялоо менен, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

  1. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) ири өлчөмдө;

2) жооптуу абалды ээлеген кызмат адамы тарабынан, –

20000ден 25000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же мүлкүн конфискациялоо менен, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

  1. Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган, ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар, –

мүлкүн конфискациялоо менен, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен он жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

344-берене. Пара алууда ортомчулук кылуу

  1. Пара берүүчүнүн же пара алуучунун тапшырмасы боюнча параны берүү боюнча аракеттерди жасоо, же болбосо алардын ортосундагы параны алуу жана берүү жөнүндө макулдашууга жетишүүдө же болбосо аны ишке ашырууда пара берүүчүгө жана (же) пара алуучуга башкача көмөк көрсөтүү, –

3000дөн 5000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

  1. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын пайдалануу менен;

2) ири өлчөмдөгү пара берүүдө же алууда, –

5000дөн 10000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айыл салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

  1. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган, өзгөчө ири өлчөмдөгү параны берүү же алууда жасалган жосундар, –

10000ден 20000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же мүлкүн конфискациялоо же аны колдонбостон беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

  1. Паракорлукта ортомчулук кылууга убада берүү же сунуш кылуу, –

3000ден 5000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Эгерде пара алууда же башка адамга пара берүүдө ортомчу болгон адам кылмыш ишин козгоого укугу бар органга бул жөнүндө ыктыярдуу билдирсе жана кылмышты ачууга жана (же) бөгөт коюуга көмөктөшсө, ал ушул беренеде каралган аракет үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

345-берене. Пара берүү

  1. Кызмат адамына, чет өлкөлүк кызмат адамына же болбосо эл аралык уюмдун кызмат адамына өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда бул кызмат адамы кандайдыр бир аракеттерди аткаргандыгы же аткарбагандыгы үчүн жеке кызмат адамы же башка жеке же юридикалык жак үчүн өзү же ортомчулар аркылуу акча, баалуу кагаз, башка мүлк же мүлктүк же мүлктүк эмес мүнөздөгү пайда түрүндө пара берүү, ага тете параны кабыл алууну сунуштоо же пара берүүгө убада кылуу, –

3000ден 5000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

  1. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) ири өлчөмдө;

2) билип туруп мыйзамсыз аракет (аракетсиздик) жасагандыгы үчүн, –

5000ден 10000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

  1. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосундар, –

10000ден 20000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Эгерде кызмат адамы тарабынан пара опузалап алынса же эгерде адам кылмыш ишин козгоого укугу бар органга пара берүү жөнүндө ыктыярдуу билдирсе, пара берген адам ушул беренеде каралган аракет үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

346-берене. Кызматтык жасалмачылык

  1. Кызматтык жасалмачылык, башкача айтканда кызмат адамы, ошондой эле мамлекеттик кызматчы, же кызмат адамы болуп саналбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматчысы тарабынан расмий документке билип туруп жалган маалыматтарды киргизүү, ага тете расмий документке анын анык мазмунун бурмалаган оңдоолорду киргизүү, эгерде бул аракеттер пайда табуу же башка жеке кызыкчылыктардан улам жасалса, –

3000ден 5000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

  1. Этиятсыздыктан оор залал келтирген, ошондой эле анын эркине каршы менчик ээсин өзгөртүү максатында жасалган ошол эле жосун, –

5000ден 10000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

347-берене. Паспортту мыйзамсыз берүү

  1. Кызмат адамы же мамлекеттик кызматчы тарабынан чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун мыйзамсыз берүү, ошого тете кызмат адамы же болбосо мамлекеттик кызматчы тарабынан же кызмат адамы болуп саналбаган муниципалдык кызматтын кызматчысы тарабынан документтерге билип туруп жалган маалыматтарды киргизүү, атайылап же этиятсыздыктан Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз алууга алып келсе же башка олуттуу залал келтирсе, –

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

  1. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун мыйзамсыз даярдоо, сатуу жана пайдалануу, –

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же мүлкүн конфискациялоо менен, Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарып жиберүү менен же аны колдонбостон беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

348-берене. Шалаакылык

  1. Шалаакылык, башкача айтканда кызмат адамынын өз милдеттерин жеңил ойлуулуктан же этиятсыздыктан улам аткарбашы же талаптагыдай эмес аткаруусу, эгер этиятсыздыктан олуттуу залал келтирсе, –

500ден 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

  1. Этиятсыздыктан оор залал же өзгөчө оор залал келтирген ошол эле жосун, –

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.