🤝Кореяда иштеген Кыргызстандын жарандары бир жолку төлөмдөрдү алышууда

👷‍♂‍ Түштүк Кореяда расмий түрдө иштеп, эмгек акыларынан төгүмдөрдү жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргызстанга келгенден кийин бир жолку төлөмдөрдү алышууда.

Жалпысынан бүгүнкү күндө Корея Республикасынын Улуттук пенсиялык кызматынан пенсиялык топтоолордун бир жолку төлөмдөрүн алуу үчүн кайрылгандардын саны 129 адамды түзөт, алардан 96сы каралып, бир жолку төлөм төлөндү, 33 адам чечимди күтүүдө.

💵Бир жолку төлөмдөрдүн орточо өлчөмү 3642 АКШ долларын түздү.