🤝 Кореяда иштеген Кыргызстандын жарандары бир жолку төлөмдөрдү алышууда.

👷‍♂‍ Түштүк Кореяда расмий түрдө иштеп, эмгек акысынан пенсиялык төгүмдөрү кармалган Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргызстанга кайтып келгенден кийин бир жолку төлөмдөрдү алышууда.

Бүгүнкү күнгө карата Корея Республикасынын Улуттук пенсиялык кызматынан пенсиялык топтомолор боюнча бир жолку төлөм алуу үчүн 152 жаран кайрылган.

Анын ичинен 140 жаранга төлөм дайындалып, толугу менен төлөндү, 12 жаран учурда чечимди күтүүдө.

💵 Бир жолку төлөмдүн орточо өлчөмү 3585 АКШ долларын түздү.