Конкурсту өткөрүү тууралуу билдирүү (жарыя)

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимин түзүү үчүн башкаруучу компанияларды тандоо боюнча ачык конкурс жарыялайт.

Пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу боюнча келишимдин шарттары конкурстук документтерде көрсөтүлгөн, ал Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун sf.gov.kg сайтында жайгаштырылган.

Конкурска катыша турган башкаруучу компаниялар конкурстук табыштамаларды камсыз кылуу кепилдигин 25 000 (жыйырма беш миң) сом өлчөмүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун банктык эсебине төмөнкү реквизиттер боюнча которууга тийиш:

ИСН 02904199410050

Банк: филиал «ВИП центр» «Айыл Банк» ААКы

Э/с: 1350108027307374

Бик: 135039

Конкурстук документтердин талаптарына ылайык даярдалган жана таризделген конкурска катышууга табыштамалар 720005, Бишкек ш.,
Радищев көч.,62, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, 11 каб. дареги боюнча 2025-жылдын 18-декабрынын саат 15:00 чейин тапшырылышы керек.

Конкурстук табыштамалар конкурстук документтерде көрсөтүлгөн кошумча документтер менен кошо тигилип жана номурланып чапталган конвертте берилет.

Табыштамалар салынган конверттер 720005, Бишкек ш., Радищев көч.,62, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, 3-этаж, Конференц-зал дареги боюнча 2025-жылдын 19-декабрында саат 14:00дө ачылат.

Конкурстук документтер боюнча кошумча түшүндүрмөлөрдү жана маалыматтарды алуу боюнча төмөнкү дарекке кайрылыңыздар: Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Бишкек ш., Радищев көч.,62, 11-каб., тел. +996 (312) 576400.