Конкурсту өткөрүү тууралуу билдирүү (жарыя)
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду депозитарий кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим түзүү үчүн депозитарийди тандап алуу боюнча ачык конкурс жарыялайт.
Депозитарий кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимдин шарттары конкурстук документтерде көрсөтүлгөн, ал Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун sf.gov.kg сайтында жайгаштырылган.
Конкурска катыша турган башкаруучу компаниялар конкурстук табыштамаларды камсыз кылуу кепилдигин 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун банктык эсебине төмөнкү реквизиттер боюнча которууга тийиш:
ИСН 02904199410050
Банк: филиал «ВИП центр» «Айыл Банк» ААКы
Э/с: 1350108027307374
Бик: 135039
Конкурстук документтердин талаптарына ылайык даярдалган жана таризделген конкурска катышууга табыштамалар 720005, Бишкек ш.,
Радищев көч.,62, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, 11 каб. дареги боюнча 2025-жылдын 18-декабрынын саат 15:00 чейин тапшырылышы керек.
Конкурстук табыштамалар конкурстук документтерде көрсөтүлгөн кошумча документтер менен кошо тигилип жана номурланып чапталган конвертте берилет.
Табыштамалар салынган конверттер 720005, Бишкек ш., Радищев көч.,62, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, 3-этаж, Конференц-зал дареги боюнча 2025-жылдын 19-декабрында саат 15:00дө ачылат.
Конкурстук документтер боюнча кошумча түшүндүрмөлөрдү жана маалыматтарды алуу боюнча төмөнкү дарекке кайрылыңыздар: Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Бишкек ш., Радищев көч.,62, 11-каб., тел. +996 (312) 576400.
Русский