Карылар жана майыптар үчүн жатак үйлөрдө жүргөн пенсионерлерге пенсиянын кайсы бөлүгү төлөнөт?

Карылар жана майыптар үчүн жатак үйлөрдө (пансионаттарда) жашап жаткан пенсионерлерге пенсиянын камсыздандыруу жана топтомо бөлүктөрү төлөнөт.

Пенсиянын камсыздандыруу жана топтомо бөлүктөрү мурда пенсия алган жашаган жери боюнча Социалдык фонддун региондук башкармалыгына тиешелүү социалдык мекемеге кеткендиги тууралуу арыз бергенде «Кыргыз почтасы» ААКнын байланыш филиалдары аркылуу же банк мекемелериндеги пенсионерлердин жеке эсептерине которуу аркылуу төлөнүшү мүмкүн.