Камсыздандыруу төгүмдөрү ар бир адамдын жеке эсебине чагылдырылат.
Төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча маалыматты Социалдык фондго кайрылып, же Түндүк мобилдик тиркемесинен алсаңыз болот.
Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча маалыматты «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу алуунун тартиби:
1. Алгач «Түндүк» мобилдик тиркемесине киресиз
2. «Кызматтар» бөлүмүнө өтөсүз
3. Андан соң «Соц.төлөмдөр» бөлүмүнө киресиз
4. «Камсыздандырылган адамдын камсыздандыруу төгүмдөрү жөнүндө маалыматты» тандап
5. Өтүнмөнү жибересиз
6. Алынган маалымкаттан камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүүлөрүңүз жөнүндө маалыматты көрө аласыз