Камсыздандырылган жарандын жеке кабинети: Пенсиялык кызмат көрсөтүүдө ыңгайлуулук жана жеткиликтүүлүк.
2019-жылдын 1-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамынын алкагында “Камсыздандырылган жарандын жеке кабинети” иштеп баштаган. Бул Социалдык фонд тарабынан иштелип чыккан ыңгайлуу электрондук система жарандарга офиске жеке барып кезек күтпөстөн кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.
Жеке кабинеттин мүмкүнчүлүктөрү:
Соцфондго баруунун ордуна, интернет аркылуу төмөнкү кызматтарды алыстан алсаңыз болот:
• Төмөнкү арыздарды берүү:
– Жеке камсыздандыруу эсебинег көчүрмө алуу;
– Пенсияны чектөө, кайра эсептөө жана узартуу;
– Пенсияны төлөп берүү жерин жана ыкмасын өзгөртүү;
– Пенсия тууралуу маалымкат алуу;
– Башкаруучу компанияны алмаштыруу топтомо фонддогу каражатты алуу.
– Ошондой эле, чектелген пенсия жөнүндө маалымат ала алуу жана бардык маселелер боюнча кайрылууларды калтыруу.
Жеке кабинетке кантип кирсе болот?
1. Соцфонддун расмий сайтына кириңиз — sf.gov.kg
2. “Жеке кабинет” бөлүмүнө өтүп, авторизациядан өтүңүз.
Андан тышкары, “Түндүк” тиркемеси аркылуу төмөнкү кызматтар жеткиликтүү:
1. Камсыздандырылган жарандын ишмердүүлүгү боюнча бардык камсыздандыруу төгүмдөрү тууралуу маалымат.
2. Айлык маянанын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чегерилиши боюнча маалымат.
3. Пенсиялык топтоо жөнүндө маалымат (Топтоо пенсиялык фонду).
4. Пенсионердин расмий статусу бар-жогу боюнча маалымат.
5. ОМС статусу тууралуу маалымат.
6. Пенсия алуучу тууралуу толук маалыматтар.