🚨Көңүл буруңуз! Бул фейк-видео!🚨

Интернетте Социалдык фонддун төрагасынын атынан ар кандай шектүү схемаларга акча салууга чакырган видео тарап жатат. Бул видео чындыкка дал келбешин, тагыраагы шылуундар жасалма интеллекттин жардамы менен жарандарды алдоого аракет кылып жатканын билдиребиз.

Ошондуктан, жарандарды сак болууга, шектүү шилтемелерди ачпоого, башкаларга таратпоого жана өздөрүнүн жеке маалыматтарын, акча же дагы башка баалуу каражаттарын бейтааныш адамдарга жөнөтпөөгө чакырабыз.

Социалдык фонд эч кандай инвестициялык долбоорлор менен алектенбейт жана жарандарды үчүнчү тараптын платформаларына акча салууга чакырбайт.

Социалдык фонд бардык ишенимдүү маалыматты расмий булактарга гана жарыялайт.

⚠️Башка бирөөнүн атын жана кызмат ордун пайдалануу аркылуу фейк маалыматтарды түзүү жана жайылтуу мыйзам тарабынан кылмыш жоопкерчилигине тартылат.