Бекитилди

КР Социалдык фондунун

2024-ж. 25 июлундагы

 № 220 буйругу менен

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун

2025-жылга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү

боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча

ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ

 

Милдеттер Чаралар Аткаруу мөөнөтү Күтүлгөн жыйынтыктар Жооптуу аткаруучулар Каржылоо булагы
1 2 3 4 5 6 7
1лава. Ченемдик жана ички укуктук актылардын долбоорлоруна коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү
1 ЧУА жана ИУА долбоорлорунда коррупциялык укук бузууларды жасоо мүмкүнчүлүгүн түзүүчү коррупциогендик факторлорду аныктоо ЧУА жана ИУА иштелип чыгуучу долбоорлоруна коррупцияга каршы алдын ала экспертиза жүргүзүү 2025-жыл ичинде ЧУА долбоорлоруна коррупцияга каршы алдын ала экспертиза жана ИУА долбоорлоруна коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүлдү Юридикалык башкармалык,

региондук башкармалыктар жана ведомстволук мекемелер

талап кылынбайт
2 Түздөн-түз коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүүчү жактардын потенциалын жогорулатуу Коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү боюнча окуу тренингин өткөрүү

 

2025-жылдын 1-кварталы Региондук башкармалыктар жана ведомстволук мекемелер үчүн окуу тренинги өткөрүлдү

 

Юридикалык башкармалык каралган каражаттардын чегинде Социалдык фонддун бюджети
2-глава. Коррупциянын алдын алуу максатында иштин ачык-айкындуулугун камсыздоо
1 Иштин ачыктыгын жана айкындыгын камсыздоо 1. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасын корпоративдик башкарууну камсыздоо Дайыма Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча Байкоочу кеңештин жыйыны өттү Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча Байкоочу кеңештин катчысы талап кылынбайт
2. Пресс-кызмат аркылуу Социалдык фонддун иши жөнүндө актуалдуу материалдарды чагылдыруу Медиапланда каралган иштер өткөрүлдү Пресс-катчы каралган каражаттардын чегинде Социалдык фонддун бюджети
3. Жарандык коомдун арасында окутуу жана маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү Окутуу жана маалыматтык-түшүндүрүү иштери өткөрүлдү Окуу борбору

Региондук башкармалыктар

каралган каражаттардын чегинде Социалдык фонддун бюджети
4. Социалдык фонддун кызматкерлеринин коррупциялык жүрүм-туруму байкалган учурлар жөнүндө жана көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматтарды жарыялоо Социалдык фонддун кызматкерлеринин коррупциялык жүрүм-туруму байкалган учурлар жана көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат жарыяланды

 

КААМБЫУ,

региондук башкармалыктар  жана ведомстволук мекемелер

талап кылынбайт
5.Социалдык фонддун карамагында турган маалыматтарды жарандар жана уюмдар үчүн маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык берүү Маалыматка, анын ичинде жеке мүнөздөгү маалыматтарга жетүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык Социалдык фонддун карамагында турган маалыматтар берилген Жекече эсепке алуу башкармалыгы,

региондук башкармалыктар  

талап кылынбайт
6. Иштелип чыгуучу ЧУА долбоорлоруна коомдук талкуулоону камсыздоо Иштелип чыккан ЧУА долбоорлору коомдук талкуулоодон өткөрүлдү ЧУА долбоорун иштеп чыгууга жооптуу борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрү талап кылынбайт
7. Бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстук тандоо өткөрүү жөнүндө маалыматты коомго жарыялоо

 

Социалдык фонддун сайтына жана ЖМК башка сайттарына бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстук тандоо өткөрүү жөнүндө кулактандыруулар  жарыяланды Адам ресурстары менен иш алып баруу бөлүмү каралган каражаттардын чегинде Социалдык фонддун бюджети
8. Коррупциянын алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалыматты расмий сайтка мезгилдүү менен жарыялоо Мезгил мезгили менен Коррупцияга каршы иштер жөнүндө маалыматты Социалдык фонддун сайтына жайгаштыруу КААМБЫУ

 

талап кылынбайт
3лава. Коррупцияны алдын алуу максатында иштин майнаптуулугуун камсыздоо

 

1. Кызматкерлердин коррупциялык мотивацияларынан азайтуу жана коррупцияга каршы жүрүм-турумду, моралдык-этикалык, адеп-ахлактык жана баалуулук багыттарын калыптандыруу 1. Кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу жана коррупциялык көрүнүштөрдүн пайда болуу тобокелдигин азайтуу 2025-жылдын 1-жарым жылдыгы Кызыкчылыктардын кагылышуусун башкарууга багытталган ички укуктук акт бекитилди Адам ресурстары менен иш алып баруу бөлүмү, КААМБЫУ талап кылынбайт
2. Социалдык фонддун кызматкерлеринин кесиптик этикасын талаптагыдай сактоо боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү Ар бир жарым жылдыкта Социалдык фонддун кызматкерлеринин кесиптик этикасын талаптагыдай сактоо боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү Адам ресурстары менен иш алып баруу бөлүмү, региондук башкармалыктар  жана ведомстволук мекемелер

 

талап кылынбайт
3. Кызматкерлердин коррупцияга каршы жүрүм-турум боюнча сунуштаманы сактоосун камсыздоо

 

дайыма Коррупциялык жүрүм-турум көрүнүштөрү болгон жок БА түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, региондук башкармалыктар  жана ведомстволук мекемелер талап кылынбайт
4. Эмгекке акы төлөө шарттарын жана системасын жакшыртуу 2025-жыл ичи Эмгекке акы төлөө шарттарын жана системасын жакшыртылды Административдик чыгымдарды пландоо жана эсепке алуу бөлүмү,

Бюджет башкармалыгы

каралган каражаттардын чегинде Социалдык фонддун бюджети
5. Коррупциялык кылмыштардын белгилерин камтыган фактылар боюнча материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп берүү 2025-жыл ичи

фактылар пайда болгондо

Коррупциялык кылмыштардын белгилерин камтыган фактылар жок Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы,

региондук башкармалыктардын  жана ведомстволук мекемелердин жетекчилери

талап кылынбайт
2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасаган адамдарды кызмат ордуна кабыл алууга тыюу салууну киргизүү Ички укуктук актыны бекитүү 2025-жыл ичи

 

Социалдык фонддо мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасаган кызмат адамдары жок Адам ресурстары менен иш алып баруу бөлүмү талап кылынбайт
3. Коррупциянын алдын алуу үчүн белгиленген тыюу салуулардын, чектөөлөрдүн системасын жана кызматкерлердин милдеттерин алардын тизмесин туура түзүмдөштүрүү жана кеңейтүү жолу менен өркүндөтүү Жарандын КРСФ кызматка кирүүдө коррупцияга каршы чектөөлөрдү кабыл алуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенмени иштеп чыгуу жана бекитүү, ошондой эле мындай милдеттенме берилбеген учурда кызматка кабыл алуудан баш тартуу же  кызматтан бошотуу 2025-жылдын 1-жарым жылдыгы Коррупцияга каршы чектөөлөрдү кабыл алуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенме бекитилди Адам ресурстары менен иш алып баруу бөлүмү, КААМБЫУ

 

талап кылынбайт
4. Конкурстук тандоо, квалификациялуу адистерди жумушка дайындоо, ачык-айкындуулук, ак ниеттүүлүк, ырааттуулук жана майнаптуулук принциптеринин негизинде карьералык тепкич боюнча көтөрүлүү (кесиптик эмгегине жараша) системасын өркүндөтүү КР СФ башкармасынын

«Бош кызмат орундарына кабыл алуу үчүн талапкерлерди тандоо жөнүндө» токтомунун, тандоо жүргүзүү тартиби бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү

 

 

2025-жыл Кызматка кабыл алууда, дайындоодо, которууда, кызматтан көтөрүүдө конкурстун жыйынтыгына таасир этүү жолу менен аныкталган адамдардын кызыкчылыктарын лоббирлөөгө жол берилбейт Адам ресурстары менен иш алып баруу бөлүмү талап кылынбайт
4лава. Жарандар менен өз ара аракеттенүүдө коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу
1 Жарандар менен өз ара аракеттенүүдө коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу 1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун сайтындагы «Жеке кабинет», ошондой эле КТБ контаксыз ыкма менен «Түндүк» ЭВӨТ аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү, камсыздоо Дайыма «Түндүк» ЭВӨТ, ведомстволук сайтта, КТБда кызматтар  көрсөтүлдү

 

 

 

Санариптик өнүктүрүү башкармалыгы,

Жекече эсепке алуу башкармалыгы,

Пенсия чектөө жана кайра эсептөө башкармалыгы,

региондук башкармалыктар

каралган каражаттардын чегинде Социалдык фонддун бюджети
 
 
 
2. Пенсия жана башка социалдык төлөмдөрдү республиканын финансы-кредиттик уюмдар аркылуу контактсыз ыкма менен төлөө 2025-жыл ичи Пенсия жана башка социалдык төлөмдөр финансы-кредиттик уюмдар  аркылуу төлөндү (кеминде 80%). Пенсия төлөө башкармалыгы, региондук башкармалыктар  
2 Жарандар менен өз ара аракеттенүүдө коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу 1. Коррупцияга жол бербөө жана алдын алуу боюнча чараларды көрүү менен коррупциялык укук бузууларга байланыштуу кайрылууларды (даттанууларды) кароо жана талдоо 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча 2025-жылдын

1-кварталы

Башкарма ар жылдык кайрылууларды (даттанууларды) талдоонун жыйынтыктарын карап чыгып, коррупциянын алдын алуу чараларын көрдү КААМБЫУ талап кылынбайт
5-глава. Социалдык фонддун каражаттарын башкаруу системасын, финансылык контролду жана сатып алуу жол-жоболорун өркүндөтүү
1 Бюджеттик документтерди жарыялоо жолу менен бюджеттик ачык-айкындуулукту камсыздоо 1. Социалдык фонддун бюджети жөнүндө мыйзам долбоорун коомдук талкуулоону камсыздоо 3 квартал 2025 года Социалдык фонддун бюджети жөнүндө  мыйзам долбоору коомдук талкуулоо үчүн бирдиктүү порталга жайгаштырылды Бюджет башкармалыгы талап кылынбайт
2. 2026-жылы Социалдык фонддун бюджети жөнүндө мыйзамды жарыялоо 2025-жылдын  

4-кварталы

Социалдык фонддун сайтында Бюджет жөнүндө мыйзам жарыяланды
3. Социалдык фонддун 2024-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту коомдук талкуулоону камсыздоо 2025-жылдын 3-кварталы Социалдык фонддун бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчеттун долбоору коомдук талкуулоо үчүн бирдиктүү порталга жайгаштырылды
4. Пенсия жана башка социалдык төлөмдөрдү каржылоо жөнүндө маалыматтарды жарыялоо

 

Ай сайын Социалдык фонддун сайтында пенсия жана башка социалдык төлөмдөрдү каржылоо жөнүндө маалымат жайгаштырылды
2 Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын контролдоо жана финансылык тартипти чыңдоо 1. Каражаттарды максаттуу пайдалануу жана финансылык тартипти сактоо аудити 2025-жыл ичи Социалдык фонддо бекитилген планга ылайык финансылык тартип бузууларды жана коррупцияны алдын алуу боюнча ички аудит жүргүзүлдү Ички аудит башкармалыгы талап кылынбайт
2. «Кыргыз почтасы» ААК байланыш бөлүмдөрү аркылуу пенсия төлөөдө мыйзам бузууларды аныктоо Ай сайын Бекитилген планга ылайык «Кыргыз почтасы» ААК менен бирге пенсия төлөө боюнча текшерүү жүргүзүлдү Региондук башкармалыктар  
3. Республиканын финансы-кредиттик мекемелеринин мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттарын максаттуу пайдаланышын контролдоо Күн сайын ФКМ  тарабынан финансылык тартип бузуулар жок, ФКМде пенсия төлөөгө багытталган акча каражаттарынын калдыктарын бирдейлештирүү жолу менен контролго алынган Финансылык эсепке алуу башкармалыгы,

Пенсия төлөө башкармалыгы

4. Социалдык фонддун кызматкерлеринин тартип бузуулары, укукка каршы аракеттери (аракетсиздиги) жөнүндө билдирүү үчүн жеткиликтүү каналдарды камсыздоо Дайыма Ишеним телефондору, чалуу борбору, электрондук почта иштөөдө, БА жана региондук башкармалыктарда каттар үчүн ящиктер орнотулуп, жарандарды кабыл алуу жүргүзүлүүдө Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгы,

региондук башкармалыктар  

5. Сатып алуу жол-жоболорунун ачыктыгын, жеткиликтүүлүгүн, айкындыгын жана отчеттуулугун камсыздоо Дайыма «Мамлекеттик сатып алуулар “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык мамлекеттик сатып алуулар веб-порталы аркылуу ишке ашырылды Материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмү
6лава. Санариптештирүү процессин өнүктүрүү
1 Башкаруу системасын, жол-жоболорду башкаруу жана кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү 1. Маалыматты иштеп чыгуу, берүү жана жайылтуунун, интернет-ресурстар аркылуу электрондук форматта кызмат көрсөтүүнүн санариптик технологияларынын негизинде башкаруу системасынын иштеши Дайыма Маалыматты иштеп чыгуу, берүү жана жайылтуунун, электрондук форматта кызмат көрсөтүүнүн санариптик технологияларынын негизинде башкаруу системасынын иштеши камсыздалды Санариптик өнүктүрүү башкармалыгы каралган каражаттардын чегинде Социалдык фонддун бюджети
2. «Түндүк» ЭВӨТ аркылуу мамлекеттик органдар менен коммерциялык уюмдардын ортосунда маалымат алмашууну камсыздоо Дайыма «Түндүк» ЭВӨТ аркылуу

маалымат алмашуу жүргүзүлдү

Жекече эсепке алуу башкармалыгы,

Санариптик өнүктүрүү башкармалыгы, региондук башкармалыктар  

талап кылынбайт
 
2 Санариптештирүүнүн алкагында кызмат көрсөтүүлөрдү алуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө жарандарга маалымдоо Интернет-ресурстар аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдү алуу мүмкүндүгү жөнүндө жарандардын маалымдуулугун кеңейтүү боюнча практикалык чараларды көрүү Дайыма Жарандардын

интернет-ресурстар аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдү алуу мүмкүндүгү жөнүндө маалымат менен камсыздоо боюнча чаралар көрүлдү

Пресс-катчы,

Окуу борбору,

региондук башкармалыктар  

каралган каражаттардын чегинде Социалдык фонддун бюджети
3 Электрондук документ жүгүртүү системасын пайдалануу Электрондук документ жүгүртүүнү камсыздоо Дайыма Документ жүгүртүү электрондук түрдө жүргүзүлөт Иш кагаздарды жүргүзүү жана электрондук документ жүгүртүү бөлүмү, БА түзүмдүк бөлүмдөрү жана региондук башкармалыктар,  ведомстволук мекемелер каралган каражаттардын чегинде Социалдык фонддун бюджети
7лава. Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө жарандык коомдун катышуусу
1 Коррупцияга каршы тематика боюнча иш-чараларды уюштуруу Коррупцияга каршы тематикада конференция, семинарларды уюштуруу жана өткөрүү 2025-жыл Коррупцияга каршы тематика боюнча иш-чаралар өткөрүлдү Окуу борбору,

КААМБЫУ, региондук башкармалыктар  

каралган каражаттардын чегинде Социалдык фонддун бюджети
8-глава. Мониторинг жана отчет
1 Системалык мониторинг жүргүзүү 1. Сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү эске алып коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчет даярдоо үчүн ички мониторинг жүргүзүү Жыл жыйынтыгы боюнча Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирбестен, квартал сайын жана жыл сайын коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга стратегиядан келип чыгуучу ушул иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчет берилет КААМБЫУ талап кылынбайт
2 Планды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө коомчулукка маалымдоо Социалдык фонддун расмий сайтына планды аткаруу боюнча отчетту жайгаштыруу Квартал сайын Социалдык фонддун расмий сайтына планды ишке ашыруу жөнүндө отчет жайгаштырылды КААМБЫУ талап кылынбайт

 

Колдонулган кыскартуулар:

«Түндүк» ЭВӨТ – «Түндүк»  электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттешүү тутуму

ЧУА                       –  Ченемдик укуктук акт

ИУА                       – Ички укуктук акт

БА                          – Борбордук аппарат

ФКМ                      – Финансы-кредиттик мекеме

КААМБЫУ          – Коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу

КТБ                        – Калкты тейлөө борбору