Урматтуу Бишкек шаарынын Октябрь районунун тургундары жана пенсионерлери!
Эскертүү: 15-сентябрдан баштап Октябрь райондук Социалдык фондунун кеңсеси жаңы дарекке көчүрүлөт.
Жаңы дарек: Бишкек шаары, Скрябин көчөсү 45/1.
Кеңсе Байтик баатыр жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн ортосунда, Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган жаңы көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатында жайгашкан.
Октябрь району боюнча пенсияга байланыштуу бардык суроолор менен төмөнкү номерлерге кайрылсаңыздар болот:
0702 30-97-12
0705 15-03-42
0500 47-77-98