🤝 ЕАЭБдин алкагында пенсиялар чектелүүдө.

🖊️ 2021-жылдын 1-январынан тартып Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин аймагында иштеп, пенсиялык укуктарга ээ болгон жарандар эмгек мигранттары болуп эсептелет.

ЕАЭБге төмөнкү мамлекеттер кирет: Кыргызстан, Казакстан, Россия, Армения жана Беларусь.

🌍 Кыргызстанда Макулдашуунун аткарылышы:
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 163 жаранга пенсия чектеди, анын ичинде:
🇷🇺 Россиянын 146 жаранына, алардын ичинен:
▪️ 14 жаран Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсияга чыкты;
▪️ 5 жарандын пенсиясы төлөмдөр узак убакыт жүргүзүлбөгөндүгүнө байланыштуу токтотулган.

🇰🇿 Казакстандын 14 жаранына, алардын ичинен:
▪️ 3 жаранга пенсия өз арызынын негизинде токтотулган.

🇧🇾 Беларустун 2 жаранына, алардын ичинен:
▪️ 1 жаран Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча пенсия алган.

🇷🇺 Мындан тышкары, Россия Федерациясы Кыргызстандын 134 жаранына пенсиянын бир бөлүгүн чектеди.