🤝 ЕАЭБ макулдашуусунун алкагында пенсия чектелүүдө.

🖊️ 2021-жылдын 1-январынан тартып Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин эмгек мигранттарын пенсия менен камсыз кылуу тууралуу Макулдашуусу күчүнө кирген. Бул документке ылайык, ЕАЭБдин башка мамлекетинде иштеп, пенсиялык укукка ээ болгон Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын, Армениянын жана Беларусиянын жарандары эмгек мигранттары деп эсептелет.

🌍 Кыргызстандагы макулдашууну ишке ашыруунун жыйынтыктары:
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан пенсия 90 жаранга дайындалган:
• Россиянын 81 жаранына
o 6 киши Кыргызстандын мыйзамы боюнча пенсияга өткөн,
o 1 кишинин пенсиясы узак убакыт төлөнбөгөндүктөн токтотулган.

• Казакстандын 8 жаранына
o 2 кишинин пенсиясы өз арызы боюнча токтотулган.

• Беларусь мамлекетинин 1 жаранына
o Кыргызстандын мыйзамдары боюнча пенсияга өткөн.

🇷🇺 Ошондой эле Россия Федерациясы тарабынан Кыргызстандын 76 жаранына пенсиянын бир бөлүгү дайындалды.