🤝ЕАЭБ макулдашуунун алкагында пенсия чектөө.
🖊️2021-жылдын 1-январынан тартып Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттери менен биргеликте Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан иштелип чыккан 2019-жылдын 20-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу күчүнө кирген.
🗺️Макулдашууга ылайык, ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттин аймагында эмгек же башка ишмердик кылуу аркылуу пенсиялык укуктарды түзүлөп жаткан же түзүлгөн Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын, Армениянын жана Беларусиянын жарандары эмгекчилер болуп саналат.
🌍 Учурда Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан 86 жаранга пенсия чектелди, анын ичинен:
– Россия Федерациясынын 77 жараны (1 жаран Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсияга өткөн, 1 жаран узак мөөнөткө төлөнбөгөндүктөн пенсиясы токтотулган),
– Казакстан Республикасынын 8 жараны (анын ичинен 2 жаран арызынын негизинде пенсиялары токтотулган),
– 1 Беларусь жараны (Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарына ылайык пенсияга которулган).
Ошондой эле Россия Федерациясы Кыргызстандын 63 жаранына пенсиянын бир бөлүгүн чектеди.