Бишкекте жарандык коргонуунун республикалык командалык-штабдык машыгуулары аяктады.

Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонууга даярдык планынын алкагында өткөн республикалык командалык-штабдык машыгуулары жыйынтыкталды.

Машыгуулар эки күнгө созулуп, алардын жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдар учурунда иш-аракеттерди координациялоо жана мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусун жакшыртуу маселелери практикалык түрдө иштелип чыкты.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев катышып, ага Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө кырдаал учурунда колдонулуучу чатыр модулдары көрсөтүлдү. Бул модулдар жабыркагандарды убактылуу жайгаштыруу, медициналык жардам көрсөтүү, эвакуациялоо жана зарыл кызматтарды уюштуруу үчүн иштелип чыккан.

Машыгууларга шаардагы бардык тиешелүү кызматтар катышып, коопсуз жерлерди тандоо, жабдуулар менен камсыздоо жана ресурстарды туура пайдалануу боюнча аракеттер жүргүзүлдү.
Иш-чарага Социалдык фонддун башкармалыгынын мүчөсү, төраганын орун басары Н.Урустамова, ошондой эле Социалдык фонддун Окуу борборунун директорунун орун басары А.Бөлөкбаев катышышты. Алар алган билимдерин жана тажрыйбаларын аймактардагы кызматкерлерге жайылтуу жана үйрөтүү иштерин жүргүзүүдө.