2025-жылдын 12-декабрында Бишкекте өлкөдөгү эң маанилүү темалардын бири – Кыргызстандын пенсия системасынын келечегин талкуулоо үчүн мамлекеттик органдардын, эксперттик коомчулуктун, ишкерлердин жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрүн чогулткан жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууда жарандарыбыздын татыктуу карылыгын камсыз кылган пенсия системасын, аны кантип адилеттүү, күчтүү жана турукташтыруу тууралуу ачык-айкын баарлашуу болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө өлкөдөгү пенсия системасында жүргүзүлгөн реформалардын алгачкы этабы өз жемишин берип, акыркы жылдары олуттуу өзгөрүүлөрдүн орун алуусу баса белгиленди. Алсак, пенсиялардын өлчөмүнүн жогорулашы, башкаруунун жакшырышы, тейлөө сапатына болгон талаптар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн санариптешүүсү жарандарыбызга жеңилдик берди. Ал эми, пенсиялык системанын топтомо компонентинин өнүгүшү курулуш рыногуна кыйыр дем берип, жумушсуздук жана ооруп калган учурларда камсыздандырылган адамдарга колдоо көрсөттү.
Ошондой эле, 2025-жылы пенсия төлөөгө эле 110,9 млрд. сом каралганы, ал эми орточо пенсия 11 300 сомго чейин өскөнү белгиленди. Акыркы төрт жылда эле пенсияны жогорулатууга 60 млрд сомдун тегерегинде акча каражаты жумшалды.
Ошону менен бирге эле, иш чаранын катышуучулары пенсиялык системанын алдында демографиялык чакырыктар, формалдуу эмес жумуштуулук, миграция, айыл чарба секторунун жана өз алдынча иштегендердин толук кандуу камтылбашы сыяктуу көптөгөн чакырыктар жана милдеттер бар экендигин белгилешти. Бул факторлор маанилүү чечимдерди кабыл алууну жана жоопкерчиликти талап кылат.
Алдыда, пенсиялык системаны өркүндөтүүнүн негизги багыттарын жана жолдорун аныктоо үчүн 2040-жылга чейин пенсиялык системаны өнүктүрүүнүн жаңы стратегиясын иштеп чыгуу жана кабыл алуу мезгилдин талабы экени баса белгиленип, Социалдык фонд бул жаатта жасалып жаткан иш-аракеттер үзгүлтүксүз уланып, реформанын кийинки баскычтары ушул иштерге багытталганын билдирди.
Иш-чара жарандарды жетиштүү пенсия менен камсыз кылууга, системанын адилеттүүлүгүн жана туруктуулугун бекемдөөгө мүмкүндүк бере турган системаны өнүктүрүүнүн жаңы стратегиясын иштеп чыгуу боюнча диалогду жана биргелешкен ишти улантууга жалпы даяр экиндиги менен аяктады.
Русский




























