Бишкек шаарында пенсионерлерди киберкылмыштуулуктан коргоо маселелери боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү.

Бишкек шаарынын ИИББсында кибер кылмыштуулукка жана интернет-алдамчылыкка каршы аракеттенүү, ошондой эле пенсионерлерди санариптик чөйрөдөгү кылмыштардан коргоо чараларын күчөтүү маселелерине арналган жумушчу кеңешме өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө өзгөчө басым жаш курактык өзгөчөлүктөрүнө жана санариптик сабаттуулугунун жетишсиздигине байланыштуу алдамчылык схемалардын курмандыгына көп кабылган пенсионерлердин коопсуздугун камсыз кылуу маселелерине жасалды.

Иш-чарага КР Соцфондунун аппарат жетекчиси А.Абазбеков, Кыргыз Республикасынын Пенсионерлер партиясынын төрайымы З.Шабданалиева, Бишкек шаарынын ИИББсынын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысынын орун басары У.Насиров жана Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысы милициянын майору А.Кадыржанов катышты.

Тараптар пенсионерлерди кибер алдамчылыктан коргоого багытталган биргелешкен маалыматтык кампания өткөрүү маселесин талкуулашты. Аталган иш-чаранын алкагында басма материалдарын даярдоо жана таратуу, медиаматериалдарды иштеп чыгуу, ошондой эле жергиликтүү тургундар менен жыйындарды жана түшүндүрүү иштерин өткөрүү пландалууда.

Өзүнчө Кыргыз Республикасынын Пенсионерлер партиясынын ролу белгиленип, анын өкүлдөрү улуу муундагы жарандарды маалымдоо жана алдын алуу иш-чараларын ишке ашырууга активдүү катышууга даяр экендиктерин билдиришти.
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жана Бишкек шаарынын ИИББсынын Кылмыш иликтөө башкармалыгы сиздерди төмөнкү коопсуздук чараларын сактоого чакырат:
• белгисиз жана шектүү шилтемелерге өтпөңүз;
• паспорттук маалыматыңызды белгисиз адамдарга бербеңиз;
• банк карталарыңыздын номерлерин, PIN-коддорду жана ырастоо коддорун эч кимге айтпаңыз;
• өздөрүн банк же мамлекеттик органдардын кызматкерлери катары тааныштырган жана жеке маалыматтарды талап кылган белгисиз адамдарга ишенбеңиз.

Эсиңиздерде болсун: сиздин сактыгыңыз жана этияттыгыңыз алдамчылардан коргонуудагы эң негизги кепилдик болуп саналат. Эгер сиз же жакындарыңыз алдамчылык аракеттерине туш болсо, дароо укук коргоо органдарына кайрылыңыз.