Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдарга ылайык жарандарга пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө мамлекеттер аралык макулдашуулар (келишимдер) түзүлбөгөн мамлекеттерге туруктуу жашоого кеткенге чейин Кыргыз Республикасында чектелген пенсия чет өлкөгө кеткенге чейин кайрылган айды эсепке алуу менен 3 айлык пенсиясы төлөнөт.
Пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча эл аралык келишимдер түзүлгөн мамлекетке туруктуу жашоого кеткенге чейин Кыргыз Республикасынын жарандарына чектелген пенсия, эгерде эл аралык келишимдерде башка шарттар каралбаган болсо, чет өлкөгө туруктуу жашаганга кетип жаткандыгына байланыштуу каттоодон чыгуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык органдарына арыз берген ай боюнча төлөнөт.
1992-жылдын 13-мартында Москва шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин жарандарынын пенсиялык камсыздоо жаатындагы укуктарынын кепилдиктери жөнүндө макулдашууга ылайык, пенсионер Макулдашууга катышкан мамлекеттердин бирине көчкөн учурда, ошондой эле пенсионердин жаңы жашаган жери боюнча мамлекеттин мыйзамдарында пенсия төлөө каралган болсо мурдагы жашаган жери боюнча пенсия төлөө токтотулат.
2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө макулдашуунун алкагында чектелген пенсиялар эмгекчинин (үй-бүлө мүчөсүнүн) тандоосу боюнча дайындаган мамлекеттин аймагында же жашаган мамлекеттин аймагына которуу аркылуу төлөнөт.
Кандай учурларда пенсия төлөө убактылуу токтотулат же токтотулат
Пенсия жана башка төлөмдөрдү төлөө төмөнкү учурларда убактылуу токтотулат:
а) пенсионер дайындалган пенсиясын удаасы менен үч ай бою албаса – мөөнөтү өткөн айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып пенсия алынбай калган бүткүл мезгилге;
б) майып-пенсионер медициналык-социалдык эксперттик комиссия кайрадан күбөлөндүрүү дайындаган мөөнөткө келбей койгондо – кайтадан күбөлөндүрүүнүн көрсөтүлгөн мөөнөтү өтүп кеткен айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып үч айга;
в) кесиптик башталгыч, орто жана жогорку окуу жайларында окугандыгын тастыктаган документтер берилбегенде мыйзамдарга ылайык багар-көрөрүнөн айрылганына байланыштуу пенсия алган окуучу же студент төрөлгөн айдан кийинки айдан тартып үч айга.
Жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлар четтетилгенде пенсияларды төлөө ал токтотула турган күнгө карата кандай өлчөмдө төлөнүп келсе, ошол өлчөмдө кайрадан башталат.
Пенсия төлөө төмөндөгүдөй учурларда токтотулат:
а) пенсионер каза болгондо, ошондой эле белгиленген тартипте каза болду же дайынсыз жок болду деп табылган учурда – пенсионер каза болгон, же болбосо каза болду же дайынсыз жок болду деп жарыялоо жөнүндөгү тиешелүү чечим күчүнө кирген айдан кийинки айынын биринчи күнүнөн тартып;
б) пенсия токтотула турган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин – аталган мөөнөт аяктаган айдан кийинки айынын биринчи күнүнөн тартып;
в) пенсионер өзүнө дайындалган пенсияга болгон укугун жоготкондо (пенсияга болгон укугун тастыктаган маалыматтардын аныктыгын төгүндөгөн жагдайлар же документтер табылганда; адамды майып деп табуунун мөөнөтү аяктаганда; багар-көрөрүнөн айрылган адам эмгекке жарамдуу болуп калганда) – аталган жагдайлар же документтер табылган, же болбосо майыптыктын мөөнөтү аяктаган, же тиешелүү адам эмгекке жарамдуу болуп калган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып.