Аксы жана Өзгөн башкармалыктарынын ийгиликтери менен сыймыктанабыз! 🎉
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-октябрындагы №270 Жарлыгына ылайык Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата жарыяланган төрт айлыктын алкагында КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия уюштурган сынактын 3-этабы жыйынтыкталды.
Сынактын жыйынтыгы менен Социалдык фонддун Аксы жана Өзгөн райондук башкармалыктары 5 мыкты видеонун катарынан орун алып, байгелүү орундарга ээ болушту.
Социалдык фонддун Аксы жана Өзгөн башкармалыгынын жалпы жамаатын бул чоң жетишкендигиңиздер менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! 🎊 Сиздердей мекенибиздин өнүгүүсүнө өз салымын кошкон кесипкөй адистер дайым арбын болсун!