Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун
коррупцияга каршы декларациясы
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду коррупцияга каршы мамлекеттик саясатка, коррупцияга каршы жалпы таанылган стандарттарга ылайык иш жүргүзүүгө чоң маани берет, ак ниеттүүлүктүн, ачыктыктын жана отчеттуулуктун негизги принциптерин колдойт.
Социалдык фонд коррупцияга нөлдүк сабырдуулук принцибин карманат.
Коррупцияга каалаган убакта, ар кандай формада тыюу салынат.
Социалдык фонд коррупциянын алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү боюнча көлөмдүү, комплекстүү иштерди туруктуу негизде жүргүзүп келет.
Коррупцияга каршы иште негизги басым мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын бизнес-процесстерин толук автоматташтыруу аркылуу арыз ээлери менен Социалдык фонддун кызматкерлеринин түздөн-түз байланышында келип чыгышы мүмкүн болгон коррупциялык шарттарды жана көрүнүштөрдү минималдаштырууга жана четтетүүгө жасалган.
Социалдык фонддун бизнес-процесстеринин бардык цикли автоматташтырылган, бүткүл республика боюнча Социалдык фонддун бирдиктүү корголгон маалыматтык тармагы түзүлгөн, пенсия чектөө, төлөө, пенсия төлөнүшүн контролдоо, жекече эсепке алуу автоматтык режимде жүргүзүлөт.
Кеңеш берүү, арыздарды, кайрылууларды жана даттанууларды кароо аралыктан жүргүзүлөт.
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча мамлекетттик жана башка органдар менен өз ара аракеттенүү «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттешүү системасында жүзөгө ашырылат.
Документ жүгүртүү толугу менен электрондук режимге которулган.
Пенсия чектөөгө аралыктан арыз берүү электрондук кызматы киргизилген жана иштеп жатат.
Пенсия чектөө жол-жобосу пенсия чектөө үчүн маалыматтарды, ырастоону талап кылган, пенсия чектөө жана кайра эсептөө үчүн зарыл болгон ар кандай маалымкаттарды жана башка документтик далилдерди чогултуу боюнча энергияны сарптоочу, узак жана көп убакытты талап кылган жол-жоболорду алып салуу аркылуу жөнөкөйлөштүрүлгөн. Талаш-тартыш маалыматтарды тастыктоо милдети Социалдык фондго жүктөлгөн.
Иштеп жаткан пенсионерлердин пенсиясы билдирме мүнөзүндө эмес автоматтык режимде кайра эсептелет.
Банк мекемелер аркылуу пенсия жана жөлөкпул алуучулардын санын көбөйтүү иштери дайыма жүргүзүлүп жатат.
Коррупция менен күрөшүүдө мамлекеттин жана коомдун өнөктөштүгүн жактап Социалдык фонд тарабынан келерки жылдарга Кыргыз Республикасынын жаңы мамлекеттик коррупцияга каршы стратегиясын колдоого алынган, Социалдык фонддун системасында мамлекеттик концепцияларды жана коррупцияга каршы стратегияларды ишке ашыруу боюнча иш-чараларды түзгөн жана ага кирүүчү коррупцияга каршы аракеттенүү жана алдын алуу боюнча иш-чаралар туруктуу негизде аткарылууда.
Коррупцияга каршы пландарда төмөнкүлөргө багытталган иш-чаралар каралууда:
1) Социалдык фонддун ишинин транспаренттүүлүгүн (ачыктыгын) камсыз кылууга;
2) максаттуу аудиторияда укуктук маданиятты калыптандырууга (пенсионерлер, камсыздандырылган адамдар, Социалдык фонддун кызматкерлери);
3) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын контролдоого;
4) кызмат көрсөтүүлөрдүн сервистүүлүгүн камсыз кылууга, анын ичинде өз ара аракеттенүү жана жеке жана юридикалык жактарга кызмат көрсөтүү үчүн технологияларды колдонуп;
5) кадрдык иште коррупцияга каршы технологияларды пайдаланууга;
6) коррупциялык тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүүгө ж.б.
Иш-чаралардын бекитилген пландары Социалдык фонддун бардык түзүмдүк, ведомстволук жана региондук бөлүмдөрү тарабынан аткарууга кабыл алынат. Алардын аткарылышы дайыма Социалдык фонддун жетекчилиги тарабынан контролдонуп жана текшерилип турат.
Социалдык фонддо Социалдык фонддун төрагасы жетектеген коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча туруктуу түзүлгөн комиссия иштейт. Кадрларды, кадрдык резервди конкурстук тандоо, терс жүйөлөр боюнча кызматтан бошотулган Социалдык фонддун кызматкерлеринин бирдиктүү реестри ишке киргизилген, кызматкерлердин жүрүм-турум этикалык ченемдеринин сакталышы камсыздалган.
Социалдык фонддун иши жалпыга маалымдоо каражаттарында, расмий сайтында, өзүнүн басма сөз басылмасында – “Пенсия” журналында, социалдык баракчаларда дайыма чагылдырылат. Социалдык фонддун кызматкерлеринин, калк, билим берүү, мамлекеттик жана жеке менчик уюмдардын арасында коррупцияга каршы тематикада билим берүү иш-чаралары өткөрүлүп жатат.
Социалдык фонддо call-борбору иштейт, ал ошондой эле on-line режиминде жеткиликтүү, ишеним телефону, анын ичинде мобилдик телефон иштейт, жарандар күн сайын кабыл алынат.
Социалдык фонддун кызматкерлерине кандай гана болбосун тикелей же кыйыр түрдө, жеке өзү же үчүнчү жактардын ортомчулугу аркылуу административдик, бюрократиялык жана башка жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү үчүн пара сунуштоого, берүүгө, убада кылууга, суроого жана алууга тыюу салынат. Социалдык фонддун кызматкерлери өздөрүнүн жеке кызыкчылыгы же бир жактуулугу кесиптик ой-пикирлердин объективдүүлүгүнө таасир эткен жана социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыз кылуу боюнча мамлекеттик милдеттерди аткарууну өздөрүнүн катышуусу менен колдогон камсыздандырылган адамдардын, пенсионерлердин, мамлекеттик органдардын, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын, камсыздандыруу фонддорунун, Социалдык фонддун иш берүүчүлөрүнүн жана өнөктөштөрүнүн кызыкчылыктарына каршы келген жагдайларга жол бербеши керек.
Социалдык фонд коррупциялык ишке тартуу тобокелдиктерин минимумга жеткирүү, жүргүзүлүп жаткан иштин ачык-айкындуулугун андан ары жогорулатуу үчүн, анын ичинде заманбап, алдыңкы инструменттерди жана технологияларды колдонууну кеңейтүү жолу менен бардык зарыл болгон чараларды көрөт.
Социалдык фонддун жетекчилиги коррупциянын даярдалып жаткан же
болуп жаткан фактылары жөнүндө, ошондой эле кандайдыр бир адамдардын Социалдык фонддун кызматкерлерине коррупциялык укук бузууларды жасоого тартуу максатында кайрылган фактылары тууралуу маалыматты өз убагында алууга кызыкдар.
Ишеним телефондору :
0 (312) 54-33-16
0 (312) 57-66-61
0 (555) 64-04-16
call-center – 1202
e-mail: help@sf.kg