Пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү тартиби

  1. Пенсионерлер кары-картаңдардын жана майыптардын үйлөрүндө жашаган, түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан учурда пенсионерлер же мекемелердин администрациясы Социалдык фонддун пенсиялык иш жайгашкан жердеги региондук органына пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү жөнүндө зарыл документтер менен бирге арыз беришет.
  2. Пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүдө пенсиянын жаңы түрүн дайындоо кайрылуу берилген айдан кийинки айдын биринен тартып жүргүзүлөт.
  3. Пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүдө пенсиянын жаңы түрүн дайындоо Социалдык фонддун органы тарабынан пенсионердин арызынын жана пенсия дайындоо үчүн жаңыдан берилген документтердин же пенсиялык иште болгон документтердин негизинде жүзөгө ашырылат.
  4. Пенсиялык иште болгон документтер боюнча пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүдө пенсиянын мурда жүргүзүлгөн бардык эсептөөлөрү сакталат, ал эми пенсионер тарабынан стажы жөнүндө кошумча документтер берилген учурда пенсия жаңы пенсия дайындоонун шарттарында эсептелет.
  5. Эгерде пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өткөн пенсионерлер, андан кийин пенсиянын мурдагы түрүнө которуу жөнүндө арыз берсе, ал пенсия мурдагы өлчөмүндө калыбына келтирилет.
  6. “Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Социалдык фонддун органдары тарабынан пенсия дайындалган пенсионерлер да ушул Жобого ылайык “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча пенсияга өтүү жөнүндө бардык зарыл документтер менен арыз берип кайрылууга укуктуу болот.