«Ачык кабинет»: Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Бактияр Алиев журналисттердин коштоосунда бир күн өткөрдү

Бүгүн, 2026-жылдын 12-ноябрында «Ачык кабинет: Жоопкерчилик аймагы» республикалык медиадолбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Алиев Бактияр Дженишбековичтин пресс-күнү болуп өттү. Жетектүү маалымат каражаттарынын өкүлдөрү ведомствонун күнүмдүк ишин ичинен көрүп, чечимдердин кабыл алынуучу маалымат менен таанышып, Соцфонддун башчысына өзүлөрүн кызыктырган бардык суроолорду түз бере алышты.

Жетекчиликтин мазмундуу иш күнү «Биринчи радиодон» башталып, төрага түз эфирде пенсиялык тутумдагы учурдагы абал тууралуу айтып берип, каржылоонун акыркы көрсөткүчтөрүн маалымдады жана угуучулардын суроолоруна жооп берди.

Социалдык фонддун борбордук аппаратына келгенден кийин ведомство башчысы орун басарлары жана түзүмдүк башкармалыктардын жетекчилери жана райондук/шаардык башкармалыктардын башчылары менен Zoom аркылуу кеңейтилген кеңешмени өткөрдү. Жолугушууда 1-октябрадан тартып жогорулатылган пенсиялардын өз убагында жана толук каржыланышы боюнча отчет угулуп, жамааттын алдына артыкчылыктуу милдеттер коюлду.

Медиа-күндүн жүрүшүндө санариптештирүү багытына өзгөчө көңүл бурулду. Санариптик өнүктүрүү башкармалыгынын адистери пенсияларды проактивдүү (автоматтык түрдө) чектөө жана төлөө боюнча автоматташтырылган маалыматтык системанын (АМС) ишин көрсөтүштү. Журналисттерге бул тутум жарандардын райондук башкармалыктарга жеке өзү келишин жана кагаз маалымкаттарды топтошун талап кылбастан, пенсияны автоматтык түрдө чечүүгө кандайча жол ачары көрнөктүү түрдө түшүндүрүлдү.

Андан соң Бактияр Алиев жарандарды кабыл алуу бөлүмүнө түшүп, кардарлар залында жеке кабыл алуу өткөрдү. Соцфонддун башчысы пенсионерлер менен баарлашып, ар бир кайрылууну кылдат карап чыкты жана профилдик адистерге көтөрүлгөн маселелерди жеринде тез арада чебүү боюнча тапшырмаларды берди.

Иш-чаранын программасынын алкагында эл аралык карылар күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чараларды колдоого алган демөөрчүлөргө жана өнөктөштөргө ыраазычылык каттарды тапшыруу салтанаты болуп өчтү.

Мындан тышкары, төрага өзүнүн иш бөлмөсүндө Социалдык фонддун Бишкек шаарынын Биринчи май райондук башкармалыгынын жетекчисин кабыл алды. Райондук башкармалыктын башчысы жаңы имараттын курулуш пландары боюнча отчет берип, келечектеги объектинин макети менен долбоордук чиймелерин көрсөттү, ошондой эле жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча маалымат берди.

Күн бою Бактияр Алиев журналистер менен ачык форматта баарлашып, ар бир локацияда журналисттердин бардык суроолоруна толук жооп берип турду. «Ачык кабинет» форматы ведомствонун ишинин ачык-айкындыгын жана жарандардын пенсия менен камсыз болушу үчүн жетекчиликтин жеке жоопкерчилигин даана көрсөтүүгө шарт түздү.