2026-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялар индексацияланып, алардын эң төмөнкү өлчөмү жогорулатылды.
Жарандарды пенсия менен камсыз кылуу деңгээлин андан ары жогорулатуу жана социалдык жактан колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2026-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялады, ошондой эле пенсиянын эң төмөнкү өлчөмүн 8 800 сомго чейин жогорулатты (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо).
Индексациялоо «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык жүргүзүлдү. Өткөн календардык жылдагы орточо эмгек акынын өсүшү жана керектөө бааларынын индекси аны өткөрүүгө негиз болду. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2025-жылдын жыйынтыгы менен керектөө бааларынын индекси 108,2%ды, ал эми орточо эмгек акынын өсүшү 117,6%ды түзгөн, бул эсептелген 1,13 коэффициентин берген.
Бирок, Социалдык фонддун бюджетинин финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен жана пенсионерлерди кошумча колдоо максатында 2026-жылдын 1-октябрынан тартып кыйла жогору параметрлер белгиленди:
• Пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрү 1,20 коэффициенти менен (бирок 1 000 сомдон кем эмес жана 10 000 сомдон көп эмес санда) жогорулатылды;
• Базалык бөлүгүн жеткирүүнүн эсебинен пенсиянын эң төмөнкү өлчөмү (анын ичинде пенсия жаңыдан дайындалганда да) 8 800 сомдон кем эмес деңгээлде белгиленди (КР мыйзамдарында каралган өзгөчө учурларды кошпогондо).
• 2026-жылдын 1-октябрына карата индексация 832,4 миң пенсионерди камтыды;
• Төлөмдөрдү жүргүзүүгө Пенсиялык фонддун каражаттарынан 4,4 млрд сом каралды;
• Индексациянын жыйынтыгында республика боюнча пенсиянын орточо өлчөмү 12 898 сомго жетип, орточо жогорулоо 1 753 сомду (же жогорулаган учурга карата 116%ды) түздү.
Русский