2026-жылдын 8 айында Соцфондго 9 000ден ашуун кайрылуу келип түштү 📲
2026-жылдын январь-август айларында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына жарандардан жалпы 9 344 кайрылуу келип түшкөн.
Кайрылуулардын каналы боюнча:
📞 Ишеним телефону аркылуу: 4 559
📱 Уюлдук ишеним телефону: 1 827
💻 «Түндүк» системасы аркылуу: 1 583 (маалымат алуу үчүн)
🗣 Оозеки кайрылуулар: 809
✉️ Жазуу түрүндөгү кайрылуулар: 468
🤝 Социалдык фонддун жетекчилигинин кабыл алуусунда: 49 жаран
💬 «Пикир» порталы аркылуу: 40
📻 «Биринчи радиодагы» «Биринчи кабылдама» программасы аркылуу: 9
Жарандарды эң көп кызыктырган суроолор:
🔹 Пенсиянын өлчөмүн жогорулатуу жана индексациялоо;
🔹 Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу эрежелери;
🔹 Пенсияга чыгуу укугу, аны чектөө, туура эсептөө жана өз убагында төлөө;
🔹 Пенсиянын өлчөмүн кайра эсептөө;
🔹 Пенсиялык топтоолорду (топтоо бөлүгүн) чектөө жана төлөп берүү.
Бардык келип түшкөн кайрылуулар боюнча мамлекеттик жана расмий тилдерде өз убагында толук жана жеткиликтүү жооптор берилүүдө.
Русский