2026-жылдын январь-август айларында Социалдык фонд 35 906 пенсиялык ишти карады.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында жалпысынан 35 906 пенсиялык иш каралды.

Анын ичинен август айында:
🔹 2 119 жаранга пенсия жаңыдан чектелди;
🔹 836 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелди (эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгына байланыштуу кошумча документтердин негизинде).

☎️ Пенсия маселелери боюнча маалымат алуу үчүн 1202 кыска номерине кайрылыңыздар.