
КӨҢҮЛ АЙТУУ
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жамааты Социалдык фонддун кампачысы Турдумамбетова Нуржамал Самыйкожоевнанын (20.09.1973 – 06.09.2026) мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Турдумамбетова Нуржамал Самыйкожоевна 1973-жылы туулган. Орто билимдүү. 1994-жылы Нарын айыл чарба техникумун технология адистиги боюнча аяктаган.
Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аскердик эсепке алуу столунун инспектору кызматында 23 жыл эмгектенген.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонд тармагында 2024-жылдын 1-апрелинен тартып кампачы болуп эмгектенип келген.
Социалдык тармакта иштөөдө өзүн компетенттүү, кесипкөй жана моралдык жакшы сапаттары менен айырмаланган кызматкер катары көрсөтө алды. Туруктуу жарандык көз карашы жана тактыгы менен өзгөчөлөнүп, айлана-чөйрөгө болгон калыс мамилеси менен айырмаланды.
Ак ниет эмгеги бааланып, 2000-жылы Ак-Талаа райондук аскер комиссариатынын Грамотасы менен, 2001-жылы Ак-Талаа райондук демократиялык жаштар коомунун Грамотасы менен, 2002-жылы Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы менен, 2016-жылы Ак-Талаа райондук аскер комиссариатынын Ардак грамотасы менен, 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Ардак грамотасы менен, 2022-жылы «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун отличниги» төш белгиси менен сыйланган.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жамааты маркумдун үй-бүлөсү жана жакын туугандары с орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөт.
Турдумамбетова Нуржамал Самыйкожоевнанын жаркын элеси түбөлүккө анын жакындарынын жана кесиптештеринин эсинде сакталат.
Жаткан жери жайлуу, иманы саламат болсун. Кош бол, ардактуу кесиптеш…
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жамааты
Русский