📈 МТПФнын каражаттарын инвестициялоо: 5 айдын жыйынтыгы

Социалдык фонд 2026-жылдын январь-май айларында Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарын натыйжалуу жайгаштырууну улантты.

💵 Каражаттар кайда инвестицияланды?

Ушул жылдын 5 айында бардыгы болуп 9 458,0 млн сом инвестицияланды:

🏛 Мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК): 7 758,0 млн сом жайгаштырылды (жылдык кирешелүүлүгү 12,86-16,0% чегинде);

🏦 Коммерциялык банктардын депозиттерине: 1 700,0 млн сом 12 жана 18 айлык мөөнөткө коюлду (жылдык кирешелүүлүгү 11,3-14,3%).

💰 Мурда инвестицияланган каражаттардан кандай киреше түштү?

Январь-май айларында жалпысынан 3 019,7 млн сом киреше алынды. Анын ичинен:

📊 МБК боюнча кирешелер – 2 531,3 млн сом;

📉 Депозиттер боюнча пайыздык кирешелер – 293,3 млн сом;

🏢 ААКтардын акциялары боюнча дивиденддер – 185,9 млн сом;

💳 Эсептердеги калдыктардан түшкөн пайыздар – 9,2 млн сом.