2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов иш сапары менен келди.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Бахтияр Алиев Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматкановду пенсиялык камсыздоо тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар, Социалдык фонддун учурдагы ишмердүүлүгү жана социалдык камсыздандыруу системасын мындан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттары менен тааныштырды.
Жолугушуунун жүрүшүндө 2026-жылдын июль айында ишке киргизүү пландалып жаткан жаңы автоматташтырылган маалыматтык система — АИС тааныштырылды. Системаны киргизүү ички процесстерди ылдамдатууга, жарандарды тейлөөнүн сапатын жогорулатууга жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ишин санариптештирүүнү күчөтүүгө мүмкүндүк берери белгиленди.
Ошондой эле, мекеменин ачык-айкындуулугун жогорулатууга, маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жана калк менен өз ара байланышты күчөтүүгө багытталган жаңы коммуникациялык стратегиясы сунушталды.
Иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Ленин райондук башкармалыгына да барып, аймактык бөлүмдүн ишин уюштуруу, кызматкерлердин ишмердүүлүгү жана жарандарга кызмат көрсөтүү процесси менен таанышты.
Белгилей кетсек, учурда Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Ленин райондук башкармалыгы 35 миңден ашуун пенсионерди тейлейт.
Сапардын жыйынтыгында пенсиялык системаны мындан ары өркүндөтүү, санариптик чечимдерди киргизүү жана социалдык чөйрөдөгү мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча кийинки кадамдар талкууланды.









Русский