Социалдык фонддун кызматкерлери кезектеги ишембиликке чыгышты.

Бүгүн, 2026-жылдын 28-мартында, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жамааты жазгы ишембиликтердин алкагында кезектеги тазалоо иштерине катышышты.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук тазалык күнү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулду. Бул ирет тазалоо иштери Бишкек шаарындагы Гастелла сейил багында (Абай көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейинки тилкеде) улантылды.

Кызматкерлер сейил бактын аймагын тиричилик калдыктарынан арылтып, жазгы мезгилге карата газондорду жана тротуарларды иретке келтиришти.

🌱 Тазалык өзүбүздөн башталат! Биздин шаар — биздин үйүбүз.