Социалдык фонддо «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда Президенттин «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулган видеобаяндардын кароо-сынагы жыйынтыкталды. Сынакка өлкө боюнча Социалдык фонддун 39 райондук жана шаардык башкармалыгы катышты.

Атайын түзүлгөн комиссиянын чечими менен улуттук баалуулуктарды мыкты чагылдырган 7 видеобаян тандалып алынды.

Жеңүүчүлөр төмөнкүдөй аныкталды:
• 1-орун: Айтматов райондук башкармалыгы;
• 2-орун: Нарын райондук башкармалыгы;
• 3-орун: Түп райондук жана Ош шаардык башкармалыктары;
• Кызыктыруучу сыйлыктар: Алай, Манас жана Ысык-Ата райондук башкармалыктары.

Сыйлоо аземи 2026-жылдын 24-мартында КР Социалдык фондунун борбордук аппаратында өтүп, жеңүүчүлөргө дипломдор жана баалуу сыйлыктар тапшырылды. Социалдык фонддун төрагасы Б. Алиевдин буйругу менен бекитилген бул демилге кызматкерлердин арасында улуттук духту көтөрүүгө жана маданий баалуулуктарды даңазалоого багытталган.