Соцфонддун Call-борбору: 2026-жылдын январь-февраль айларында 7053 кайрылуу кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Маалымат борбору 2026-жылдын январь-февраль айларында жалпысынан 7053 кайрылууну кабыл алды.

Анын ичинде февраль айында:
📞 1020 — телефон чалуулар;
💬 3012 — чат аркылуу кайрылуулар.

Жарандар эң көп берген суроолор:
✔️ Топтомо пенсия: каражаттардын суммасы жана аларды алуу тартиби;
✔️ Пенсияны чектөө маселелери;
✔️ Жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмө алуу;
✔️ Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери;
✔️ Пенсиялык жана социалдык камсыздандыруу боюнча башка суроолор.

👩‍💼 Акыркы мезгилде жарандардын топтомо пенсия боюнча кайрылуулары көбөйүүдө. Call-борбордун адистери бардык суроолор боюнча кеңеш берүүгө даяр.

📞 Суроолоруңуз болсо, 1202 номерине кайрылыңыз!