План
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун
2024-жылдын 25-июлундагы № 220 буйругу менен бекитилген
2025-2027-жылдарга коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча
иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө
МААЛЫМАТ
Мамлекеттик органдын аталышы: Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду
Отчеттук мезгил (квартал, жыл): 2025-жылдын IV кварталы
| № | Глава1,
пункт, пунктча |
Иш-чаранын аталышы2 | Аткаруу мөөнөтү3 | Ишке ашыруунун жыйынтыктары (жүргүзүлгөн иштер) | Статус:
башталбаган; процессте; жарым-жартылай аткарылган; аткарылган; аткарылган эмес |
| 1 | 2-гл. 1-п.
1-пунктчасы
|
Иштелип чыгуучу ЧУА жана локалдык ченемдик актылардын долбоорлоруна коррупцияга каршы экспертизаны алдын ала өткөрүү | Отчеттук
мезгил аралыгында |
Борбордук аппараттын деңгээлинде макулдашууга келип түшкөн жана иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын 487 долбооруна жана локалдык укуктук актылардын 141 долбооруна карата юридикалык экспертиза (анын ичинде алдын ала коррупцияга каршы) жүргүзүлдү. | Аткарылды |
| 2 | 2-гл. 1-п.
1-пунктчасы
|
Коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү боюнча окутуучу тренинг өткөрүү | 2025-жылдын
1-кварталы
|
Социалдык фонддун аймактык жана ведомстволук мекемелери үчүн 2025-жылдын 31-мартында коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү боюнча окуу тренинг өткөрүлдү.
Коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү боюнча колдонмо Социалдык фонддун расмий сайтында жайгаштырылган. |
Аткарылды |
| 3 | 6-гл. 1-п.
1-пунктчасы
|
1. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун башкаруу тутумунун корпоративдик башкаруусун камсыздоо | Отчеттук
жыл мезгилинде
|
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун башкаруу боюнча Байкоочу кеңешинин 4 отуруму өткөрүлдү.
“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун өз алдынча башкаруу органы болуп социалдык камсыздандыруу системасында өз таламдарын билдирген ар бир тараптын тең укуктуу катышуу принциби боюнча түзүлүүчү (мамлекет, жумуш берүүчүлөр, кесиптик бирликтер, пенсия менен камсыз кылуу жана саламаттык сактоо бөлүгүндө жарандардын таламдарын билдирген коомдук бирикмелер жана уюмдар) мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча Байкоочу кеңеш эсептелет. Байкоочу кеңеш социалдык камсыздандыруунун макулдашылган саясатын иштеп чыгууну, ошондой эле социалдык камсыздандыруу системасынын катышуучуларынын финансылык жана укуктук аудитин жүзөгө ашырат; ченемдик укуктук базаны даярдоо боюнча ишти координациялайт; мамлекеттик социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жана бюджети боюнча сунуштарды даярдайт. |
Аткарылды |
| 6-гл. 1-п.
1-пунктчасы
|
2. Социалдык фонддун ишмердүүлүгү боюнча актуалдуу материалдарды пресс-кызмат аркылуу чагылдыруу
|
Отчеттук
жыл мезгилинде
|
Ишти чагылдыруу жыл сайын бекитилүүчү медиа-пландын негизинде жүзөгө ашырылат, анда:
1. Пресс-конференциялар жана макалаларды жарыялоо; 2. Социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу боюнча негизги окуялар жана макалалар; 3. ТВ жана радио программаларына катышуу; 4. Социалдык видеолор; 5. Радио жана социалдык тармактар аркылуу пенсиялык тутумдагы иш-аракеттер жана реформалар жөнүндө маалымат берүү; 6. Социалдык фонддун сайтында жана социалдык тармактарда онлайн жарнамалоо жана өз ара аракеттенүү: https://www.facebook.com/profile.php?id=100008384018333 https://www.facebook.com/socfondKG/ https://www.instagram.com/socfond_kg/ https://www.youtube.com/channel/UC-nImaOEAlKEeQCqxYzvPNQ https://ok.ru/profile/564665816463 https://web.telegram.org/a/#-1001509442568 7. Эл аралык кызматташтык боюнча басылмалар; 8. Расмий веб-сайтта жана социалдык баракчаларда үзгүлтүксүз жаңыртуулар; 9. Комментарийлердеги жана жеке билдирүүлөрдөгү суроолорго жооптор. Социалдык фонддун Окуу борборунун базасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө сабаттуулукту жана маалымдуулукту жогорулатуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иш-чаралары үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Ошол эле учурда Окуу борборунун окуу программасына коррупцияга каршы үгүттөө боюнча темалар киргизилген. Жалпысынан, 2025-жылдын башынан тартып угуучулардын саны 10791 адамды түздү (анын арасында жогорку, орто-кесиптик жана орто билим берүү мекемелеринин мугалимдери жана окуучулары – 6289, мекемелердин, уюмдардын кызматкерлери жана ишкерлер – 2505, саламаттык сактоо системасынын кызматкерлери – 794, “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” Уңгу жолу доктринасы боюнча Социалдык фонддун кызматкерлери – 1203). Социалдык фонддун жаңыртылган расмий сайты, анын ичинде “Коррупцияга каршы чаралар” бөлүгү толугу менен актуалдуу абалда каралып турат. Отчеттук мезгилде коррупцияга каршы иш-аракеттер жөнүндө маалымат Социалдык фонддун сайтына жайгаштырылган: 1) антикоррупциялык иштердин кварталдык жыйынтыктары; 2) КР Ички иштер министрлиги менен биргеликте өткөрүлгөн коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча кеңешме семинардын маалыматы; 3) Коррупцияга каршы кеңештин баш катчысынын кайрылуусу; 4) коррупцияга каршы мыйзамдар, анын ичинде жазык мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр жөнүндө маалымат жаңыртылды. 2025-жылдын 12 айында жарандардын жана юридикалык жактардын 30670 кайрылуусу каралган, алардын ичинен: жазуу жүзүндөгү кайрылуулар – 360; оозеки кайрылуулар – 1036; КР СФ жетекчилиги тарабынан жарандарды жеке кабыл алуусу – 93; Ишеним телефону – 4950; Уюлдук ишеним телефону – 2357; Call-борбору – 21874. Ар бир Социалдык фонддун жергиликтүү башкармалыктарынын имараттарында коррупцияга каршы маалымат, үгүт плакаттары, коррупциялык жүрүм-турум пайда болгон учурда байланыш маалыматтары бар стенддер орнотулган. Социалдык фонддун имараттарынын фойелеринде жарандардан арыздарды кабыл алуу үчүн ящиктер орнотулган. Социалдык фонддун Борбордук аппаратында жана ар бир райондук/шаардык башкармалыктарында жетекчилери тарабынан жарандарды жеке кабыл алуу жүргүзүлөт; Ишеним телефондору; Call-борбору; e-mail: help@sf.kg күнү-түнү иштейт. |
Аткарылды | |
| 6-гл. 1-п.
1-пунктчасы
10-гл. 2-п. |
3. Жарандык коом арасында маалыматтык- түшүндүрүү жана окутуу иштерин жүргүзүү
|
Отчеттук
жыл мезгилинде
|
Аткарылды | ||
| 6-гл. 1-п.
1-пунктчасы |
4. Социалдык фонддун
кызматкерлеринин коррупциялык жүрүм-турумунун көрүнүштөрү болгон учурларын жана көрүлгөн чаралары тууралу маалыматтарды жарыялоо |
Отчеттук
жыл мезгилинде
|
Социалдык фонддун кызматкерлеринин коррупциялык жүрүм-турумунун көрүнүштөрү болгон учурлар катталган жок | Аткарылды | |
| 6-гл. 1-п.
1-пунктчасы |
5. Социалдык фонддун карамагында турган маалыматтарды жарандар жана уюмдар үчүн маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык берүү
|
Отчеттук
жыл мезгилинде
|
Кызмат көрсөтүүлөрдү алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында камсыздандырылган жарандарга пенсия дайындоо, кайра эсептөө, төлөө каналын өзгөртүү, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө жана башка кайрылуулар боюнча “Жеке кабинет” (173 764 колдонуучу) аркылуу көчүрмөлөрдү алуу укугу берилди.
Социалдык фонддун карамагындагы маалымат жарандарга жана уюмдарга маалыматты, анын ичинде жеке мүнөздөгү маалыматты алуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык туруктуу негизде берилет. 2025-жылдын башынан бери жарандардын 97455, финансы-кредит уюмдарынын 10479003 суроо-талаптарына жооптор берилди. |
Аткарылды | |
| 6-гл. 1-п.
1-пунктчасы |
6. Иштелип чыгуучу ЧУА долбоорлорун коомдук талкуудан өткөрүүнү камсыздоо | Отчеттук
жыл мезгилинде
|
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун Бирдиктүү порталы аркылуу Социалдык фонд тарабынан иштелип чыккан мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жаатындагы 12 ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна коомдук талкуулоо өткөрүлдү (анын арасында 2 мыйзам долбоору, 9 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоорлору, 1 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоору). | Аткарылды | |
| 7-гл. 4-п.
1-пунктчасы |
7. Бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстук тандоо өткөрүү жөнүндө маалыматты ачык жарыялоо | Отчеттук
жыл мезгилинде
|
Отчеттук мезгилде Социалдык фонддун түзүмдүк бөлүмдөрүндө 12 вакансия боюнча конкурстук тандоо жөнүндө 6 кулактандыруу жайгаштырылган. | Аткарылды | |
| 9-гл. 19-п.
1-пунктчасы |
8. Коррупциянын алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалыматты расмий сайтка мезгил-мезгили менен жарыялоо | Отчеттук
жыл мезгилинде
|
Социалдык фонддун расмий сайты, анын ичинде “Коррупцияга каршы чаралар” бөлүгү толугу менен актуалдуу абалда каралып турат. Отчеттук мезгилде коррупцияга каршы иш-аракеттер жөнүндө маалымат Социалдык фонддун сайтына жайгаштырылган:
1) антикоррупциялык иштердин кварталдык жыйынтыктары; 2) КР Ички иштер министрлиги менен биргеликте өткөрүлгөн коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча кеңешме семинардын маалыматы; 3) Коррупцияга каршы кеңештин баш катчысынын кайрылуусу; 4) коррупцияга каршы мыйзамдар, анын ичинде жазык мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр жөнүндө маалымат жаңыртылды. |
Аткарылды | |
| 4 | 5-гл. 3-п.
3-пунктчасы
|
1.Кызыкчылыктардын кагылышынын алдын алуу жана коррупциялык көрүнүштөрдүн пайда болуу тобокелдигин азайтуу | 2025-жылдын
1-жарым жылдыгы |
“Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык, кызматтык милдеттерин аткарууда жеке кызыкчылыкты эске албаганда, Социалдык фонддун ишинде кызыкчылыктардын кагылышын башкарууну уюштуруу максатында, КР Социалдык фондунун 27.06.2025-ж. № 81 буйругу менен Социалдык фонддун ишинде кызыкчылыктардын кагылышын башкаруу тартиби бекитилген. | Аткарылды |
| 5-гл., 3-п.,
1 жана 3-пунктчалары
|
2. Социалдык фонддун кызматкерлеринин кесиптик этикасын сактоо боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү
|
Ар бир жарым жылдыкта | Социалдык фонддун борбордук аппаратынын жана райондук/шаардык башкармалыктарынын аппараттык кеңешмелеринде кесиптик этиканы сактоо боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштери дайыма жүргүзүлүп турат.
“Социалдык фонддун коррупцияны алдын алуу ишмердүүлүгү, кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу, кызматтык жүрүм-турум этикасы” темасы боюнча Социалдык фонддун кызматкерлерине семинар-окуу өткөрүлдү (14.07.2025-ж.). |
Аткарылды | |
| 5-гл. 1-п.
3-пунктчасы
|
3. Кызматкерлердин коррупцияга каршы жүрүм-турум боюнча сунуштарды сактоосун камсыз кылуу | Дайыма | КР Социалдык фондунун 27.02.2023-ж. № 48 буйругу менен Социалдык фонддун коррупцияга каршы декларациясы жана кызматкерлердин коррупцияга каршы жүрүм-туруму боюнча сунуштар бекитилген.
Социалдык фонддун коррупцияга каршы декларациясы расмий ведомстволук сайтында жайгаштырылган жана туруктуу пайдалануу үчүн жеткиликтүү. Ошондой эле, Социалдык фонддун борбордук аппаратынын жана райондук/шаардык башкармалыктарынын аппараттык кеңешмелеринде коррупцияга каршы жүрүм-турум боюнча сунуштардын сакталышына маалыматтык-түшүндүрүү иштери дайыма жүргүзүлүп турат. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Ички аудит башкармалыгынын, Ош шаардык жана Ноокат, Араван райондук башкармалыктарынын кызматкерлери менен коррупцияга каршы жүрүм-турум жана кызматтык жүрүм-турумдун этикасынын сакталышын камсыз кылуу маселелери боюнча жумушчу кеңешмелер өткөрүлгөн (сентябрь – октябрь 2025-ж.). |
Аткарылды | |
| 5-гл. 2-п.
|
4. Эмгекке акы төлөө шарттарын жана системасын жакшыртуу | Отчеттук
жыл мезгилинде
|
Социалдык фонддун кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 209 токтому менен “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 408 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. | Аткарылды | |
| 6-гл. 3-п.
|
5. Коррупциялык кылмыштардын белгилерин камтыган фактылар боюнча материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүү | 2025-жыл аралыгында фактылар жаралган учурда | Коррупциялык жана экономикалык кылмыштар аныкталган учурда материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет. | Аткарылды | |
| 5 | 1-гл. 4-п.
1-пунктчасы |
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасаган адамдарды кызмат ордуна кабыл алууга тыюу салууну киргизүү | Отчеттук
жыл мезгилинде
|
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасаган адамдарды кызматка алууга тыюу салууну киргизүү максатында “КРСФ бош кызмат орундарына кабыл алуу үчүн талапкерлерди тандоо жөнүндө” жобосу өзгөртүлүп иштелип чыкты (КРСФ Башкармасынын № 100 токтому, 18.12.2025-ж.). | Аткарылды |
| 6 | 1-гл. 1-п.
1-пунктчасы |
Кызматкерлер үчүн
коррупциянын алдын алууга белгиленген тыюу салуулардын, чектөөлөрдүн жана милдеттердин системасын тизмени туура структуралоо жана кеңейтүү жолу менен өркүндөтүү |
2025-жылдын
1-жарым жылдыгы |
Социалдык фонддун кызматкерлери үчүн коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө чектөөлөргө макулдугу жана кабыл алууга милдеттенменин формасы КР Социалдык фондунун 27.06.2025-ж. № 81 буйругу менен бекитилген.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 29.01.2025-ж. № 19-1581 тапшырмасын аткаруу максатында Социалдык фонддун бардык кызматкерлери коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө чектөөлөргө макулдугу жана чектөөлөрдү кабыл алууга милдеттенмелерди толтурушкан. |
Аткарылды |
| 7 | 1-гл. 4-п.
1-пунктчасы |
Ачыктык, ак ниеттүүлүк, ырааттуулук жана натыйжалуулук принциптеринде конкурстук тандоонун, квалификациялуу адистерди жумушка дайындоонун, карьералык тепкич боюнча (кесиптик эмгегине жараша) жогорулоонун системасын өркүндөтүү | Отчеттук
жыл мезгилинде
|
“КРСФ бош кызмат орундарына кабыл алуу үчүн талапкерлерди тандоо жөнүндө” КРСФ Башкармасынын 2025-жылдын 18-декабрындагы № 100 токтому менен бош кызмат орундарына кабыл алуу, квалификациялуу адистерди жумушка дайындоо, карьералык тепкич боюнча көтөрүлүү үчүн талапкерлерди тандоонун тартиби аныкталган (кесиптик эмгегине жараша). | Аткарылды |
| 8 | 6-гл. 1-п. 2-пунктчасы | 1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү Социалдык фонддун сайтында “Түндүк” ЭВӨС, электрондук “жеке кабинет” аркылуу контактсыз ыкма менен, ошондой эле КТБда көрсөтүүнү камсыз кылуу | Дайыма | Кызмат көрсөтүүлөрдү алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында камсыздандырылган жарандарга пенсия дайындоо, кайра эсептөө, төлөө каналын өзгөртүү, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө жана башка кайрылуулар боюнча “Жеке кабинет” аркылуу көчүрмөлөрдү алуу укугу берилди.
Социалдык фонддун карамагындагы маалымат жарандарга жана уюмдарга маалыматты, анын ичинде жеке мүнөздөгү маалыматты алуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык туруктуу негизде берилет. 2025-жылы жарандардын 97455, финансы-кредит уюмдарынын 10479003 суроо-талаптарына жооптор берилди. Калкка көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жылдын 29-июнундагы № 90 буйругуна ылайык башка региондордо катталган жерине карабастан бардык жарандар үчүн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо боюнча кызматтарды көрсөтүү Социалдык фонддун Биринчи май райондук башкармалыгынын базасында жүргүзүлүп келет. Жалпысынан, 2022-жылдын 1-апрелинен тартып 2025-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде 12420 жаранга бирдиктүү терезе принциби менен кызматтар көрсөтүлгөн. |
Аткарылды |
| 9 | 6-гл. 1-п. 3-пунктчасы | 2. Пенсияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү республиканын финансы-кредиттик уюмдары аркылуу контактсыз ыкма менен төлөө | Дайыма | Финансы-кредиттик уюмдары аркылуу контактсыз ыкма менен төлөнгөн пенсиялардын үлүшү 83% (679,8 миң адамдан көп) түздү.
|
Аткарылды |
| 10 | 6-гл. 3-п. | 1. Коррупцияга жол бербөө жана алдын алуу боюнча чараларды көрүү менен коррупциялык укук бузууларга байланыштуу кайрылууларды (даттанууларды) кароо жана талдоо | 2025-жылдын
1-кварталында 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча
|
2025-жылдын 19-февралында Социалдык фонддун башкармасынын 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча кеңейтилген жыйынында бардык кайрылуулар (даттануулар) боюнча маалымат угулду (каралып чыккан кайрылууларда (даттанууларда) Социалдык фонддун кызматкерлеринин ишинде коррупциялык көрүнүштөрдүн белгилери аныкталган жок). | Аткарылды |
| 11 | 7-гл. 1-п.
1-пунктчасы |
1.Социалдык фонддун бюджети жөнүндө мыйзам долбооруна коомдук талкуулоону камсыз кылуу жана жарыялоо | 2025-жылдын
2-жарым жылдыгы |
“Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2026-жылга бюджети жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгили жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жылга бюджети жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору Коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы аркылуу коомдук талкуудан өткөн (11.08.2025-ж. – 26.08.2025-ж.). | Аткарылды |
| 2. Социалдык фонддун бюджетинин аткарылышы боюнча отчеттун долбооруна коомдук талкуулоону камсыз кылуу | 2025-жылдын
1-жарым жылдыгы |
Социалдык фонддун 2024-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетунун долбоору Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун Коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы аркылуу коомдук талкуудан өткөрүлдү (20.03.2025-ж. – 19.04.2025-ж.). | Аткарылды | ||
| 3. Пенсияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү каржылоо жөнүндө маалыматтарды жарыялоо | Ай сайын | Пенсияларды каржылоо жөнүндө маалыматтар ай сайын Социалдык фонддун сайтында жарыяланып турат.
2025-жылдын январь-декабрында пенсияларды төлөөгө керектелүүчү сумма 105363,3 млн. сом көлөмүндө толук көлөмдө каржыланды. Пенсия төлөө боюнча карыз жок. |
Аткарылды | ||
| 12 | 7-гл. 4-п. | 1. Каражаттарды максаттуу пайдалануу жана финансылык тартипти сактоо аудити | 2025-жылдын аралыгында | Социалдык фонддун регионалдык органдарында ички аудит бекитилген пландарга ылайык жүргүзүлүүдө. | Аткарылды |
| 7-гл. | 2. «Кыргыз почтасы» ААК байланыш бөлүмдөрү аркылуу пенсия төлөөдө тартип бузууларды аныктоо | Ай сайын | “Кыргыз почтасы” ААК менен текшерүүлөрдүн биргелешкен пландары бардык 53 аймактык бөлүмдөрдө түзүлгөн. Пенсия төлөө тартибинин сакталышына бекитилген пландарга ылайык текшерүүлөр үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат. | Аткарылды | |
| 7-гл. | 3. Республиканын финансы-кредиттик мекемелеринин мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттарын максаттуу пайдаланышын контролдоо | Күн сайын | Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын контролдоо Социалдык фонд менен коммерциялык банктардын ортосунда кол коюлган келишимдердин жана ай сайын түзүлүүчү салыштыруу актыларынын негизинде жүзөгө ашырылат. Азыркы учурда Социалдык фонд республиканын 18 коммерциялык банкы менен кызматташат. | Аткарылды | |
| 7-гл. 1-п.
1-пунктчасы |
4. Социалдык фонддун кызматкерлеринин эреже бузуулары, укукка каршы аракеттери (аракетсиздиги) жөнүндө билдирүү үчүн жеткиликтүү каналдарды камсыз кылуу | Дайыма | Ишеним телефондору, Call-центр, электрондук почта иштейт, Социалдык фонддун борбордук аппаратында жана регионалдык органдарында каттар үчүн ящиктер орнотулган, жарандарды кабыл алуу жүргүзүлүп жатат, 2025-жылдын 12 айында жарандардын жана юридикалык жактардын 30670 кайрылуусу каралган, алардын ичинен:
жазуу жүзүндөгү кайрылуулар – 360; оозеки кайрылуулар – 1036; КР СФ жетекчилиги тарабынан жарандарды жеке кабыл алуусу – 93; Ишеним телефону – 4950; Уюлдук ишеним телефону – 2357; Call-борбору – 21874. |
Аткарылды | |
| 7-гл. | 5. Сатып алуулар жол-жоболорунун ачыктыгын, жеткиликтүүлүгүн, ачыктыгын жана отчеттуулугун камсыз кылуу | Дайыма | Мамлекеттик сатып алуулар «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» КР Мыйзамынын негизинде мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы аркылуу жүргүзүлөт.
53 (анын ичинен 21 кайталанып) конкурстук жарыянын арасынан 22 орундалды. |
Аткарылды | |
| 13 | 9-гл. 1-п.
3-пунктчасы |
1. Кызмат көрсөтүүнүн интернет-ресурстар аркылуу электрондук форматта, маалыматты
иштетүүнүн, берүүнүн жана жайылтуунун санариптик технологияларынын негизинде башкаруу системасынын иштеши |
Постоянно | Социалдык фонд тарабынан төмөнкү автоматташтырылган маалыматтык системалар ишке киргизилип, күнүмдүк иште колдонулуп жатат:
Социалдык фонддун ишинин маалыматтык башкаруу системасы, өзүнө жеке эсепке алуу; пенсияларды чектөө жана кайра эсептөө; кирешелерди эсепке алуу; пенсияны төлөөнү эсепке алуу; башкаруучу компаниялар менен иш алып баруу боюнча функционалдык блокторду камтыйт. «е-Kyzmat» адам ресурстарын башкаруу маалыматтык системасы, Социалдык фонддо, мекеме алдындагы жана аймактык органдарында ишке киргизилип, күнүмдүк иште колдонулуп жатат. «InfoDocs» электрондук документ жүгүртүү маалыматтык системасы, Социалдык фонддо, мекеме алдындагы жана аймактык органдарында ишке киргизилип, күнүмдүк иште колдонулуп жатат. «Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинети» автоматташтырылган маалыматтык системасы, Социалдык фонддун ишинин маалыматтык башкаруу системасы менен байланыштырылган (173 764 колдонуучу). Азыркы учурда иштеп жаткан санариптик инфраструктура аркылуу мамлекеттик кызматтар жана санариптик сервистер көрсөтүлүп жатат. Санариптик экосистема иштеп жатат. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо процесстери санариптик түрдө аткарылып жатат. Социалдык фонддун маалымат базасында: – төлөөчүлөр; – жумушчулар; – пенсионерлер боюнча маалыматтар бар. Социалдык фонд “Түндүк” ВЭӨСкө кошулган жана мамлекеттик органдарга “Түндүк” ВЭӨС аркылуу маалымат берип турат. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу Социалдык фонд төмөнкүдөй электрондук кызматтарды көрсөтөт: – камсыздандырылган адамдын иштөө мөөнөтү жөнүндө маалымат; – камсыздандырылган жактын камсыздандыруу төгүмдөрү жөнүндө маалымат; – пенсия алуучу жөнүндө маалымат; – пенсионердин статусу жөнүндө маалымат; – топтомо пенсиялык фонддон алынган маалымат. Социалдык фонддун маалыматы “Түндүк” ВЭӨС аркылуу 15 мамлекеттик органга, 50 коммерциялык банктарга жана микрокредиттик компанияларга берилет. Социалдык фонд калган мамлекеттик органдар, коммерциялык банктар жана микрокредиттик компаниялар менен келишимдерди түзүү боюнча мындан аркы тийиштүү иштерди алардын “Түндүк” ВЭӨС ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасында маалымат алмашуу боюнча даяр болушуна жараша жүргүзүүдө. |
Аткарылды |
| 9-гл. 1-п.
2-пунктчасы, 2-п., 11-п. |
2. “Түндүк” ЭВӨС аркылуу мамлекеттик органдар, коммерциялык уюмдар менен маалымат алмашууну камсыз кылуу | Дайыма | Аткарылды | ||
| 14 | 9-гл. 12-п.
|
Санариптештирүүнүн алкагында кызмат көрсөтүүлөрдү алуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө жарандарга маалымдоо | Дайыма | КР Социалдык фондунун иши жөнүндө жарандарды маалымдоо жыл сайын бекитилүүчү медиа план боюнча жүргүзүлөт, ага ылайык туруктуу негизде активдүү маалыматтык иштер жүргүзүлөт. Камтуунун негизги багыттарына социалдык тармактардагы жарыялоолор, ЖМК менен өз ара аракеттенүү, Социалдык фонддун кызматкерлеринин радиостанциялардын жана телеканалдардын эфиринде чыгып сүйлөөлөрү, ошондой эле калк, билим берүү, мамлекеттик жана жеке менчик уюмдар арасында окутуу иш-чараларын өткөрүү кирет.
2025-жылдын башынан тартып калкка көрсөтүлүүчү электрондук кызматтар жөнүндө маалымдоо бөлүгүндө, Социалдык фонддун расмий сайтында жана социалдык тармактардагы баракчаларында 52 маалыматтык видеролик (“Түндүк” мобилдик тиркемесинде пенсия төлөө графиги, бийик тоолуу шарттарда жашаган жарандар үчүн пенсияга чыгуу шарттары, маалымкаттарды алуу, электрондук пенсиялык күбөлүгү, пенсиянын төлөнүшү, “Элкарт” картасынын колдонуу мөөнөтү, пенсия төлөөнү токтотуу жөнүндө ж.б.); 237 маалыматтык-түшүндүрүү материалдары; Социалдык фонддун ай сайын жалпыланган статистикалык маалыматтары. Социалдык фонддун Окуу борборунун базасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсүндө пенсиялык сабаттуулукту жана маалымдуулукту жогорулатуу боюнча, анын ичинде электрондук санариптик кызмат көрсөтүүлөр жана контактсыз ыкма менен кызмат көрсөтүүлөрдү алуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иш-чаралары үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Жалпысынан, 2025-жылдын башынан тартып угуучулардын саны 10791 адамды түздү (анын арасында жогорку, орто-кесиптик жана орто билим берүү мекемелеринин мугалимдери жана окуучулары – 6289, мекемелердин, уюмдардын кызматкерлери жана ишкерлер – 2505, саламаттык сактоо системасынын кызматкерлери – 794, “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” Уңгу жолу доктринасы боюнча Социалдык фонддун кызматкерлери – 1203). Ошондой эле, Социалдык фонддун Окуу борбору тарабынан пенсия курагындагы жарандар үчүн компьютердик сабаттуулук боюнча акысыз практикалык курстар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат (2025-жылы 15 пенсионер үчүн). |
Аткарылды |
| 15 | 9-гл. 9-п. | Электрондук документ жүгүртүү системасын колдонуу | Дайыма | Документ жүгүртүү толугу менен электрондук түрдө жүргүзүлүп жатат.
Күнүмдүк ишинде Социалдык фонддун бардык түзүмдүк бөлүмдөрүндө киргизилген “InfoDocs” электрондук документ жүгүртүүнүн маалыматтык системасы колдонулат. |
Аткарылды |
| 16 | 12-гл. 1-п.
2-пунктчасы
|
Коррупцияга каршы темада конференция, семинарларды уюштуруу жана өткөрүү | Отчеттук
жыл мезгилинде
|
Коррупцияга каршы темада төмөнкү иш-чаралар өткөрүлдү:
1) 1) Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата Социалдык фонддун 2025-жылдагы коррупцияга каршы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча семинар-кеңешме; 2) 2) Социалдык фонддун коррупцияны алдын алуу ишмердүүлүгү, кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу, кызматтык жүрүм-турум этикасы боюнча семинар; 3) 3) Ички иштер министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрү менен коррупциянын алдын алуу боюнча Социалдык фонддун өз ара аракеттенүүсү боюнча семинар; 4) 4) Калктын Социалдык фондго ишеним индекси жөнүндө семинар; 5) 5) Коррупцияга каршы экспертиза өткөрүү тартиби боюнча; 6) “Пара” темасына конференция; 7) Коррупцияга каршы ишмердүүлүктүн алдыдагы максаттары боюнча семинар; 8) Коррупцияга каршы мыйзамдардагы өзгөртүүлөр боюнча семинар. |
Аткарылды |
| 17 | 12-гл. 1-п.
2-пунктчасы |
1. Коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчетту даярдоо үчүн сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү эске алуу менен
ички мониторинг жүргүзүү
|
Кварталдын,
жылдын жыйынтыгы боюнча |
Коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчеттор квартал сайын жана жыл сайын берилет. 2024-жылдын жана 2025-жылдын 1 – 4-кварталынын отчеттору өз убагында берилген.
2024-жылдагы коррупцияга каршы иштердин жыйынтыгы КР Социалдык фондунун Башкармасынын жана Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча Байкоочу кеңештин жыйындарында угулду. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июнундагы № 547 тескемеси менен бекитилген коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо тартиби аткарууга алынып, иште колдонууда. |
Аткарылды |
| Планды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө коомчулукка маалымдоо | Квартал сайын | Коррупцияга каршы пландын аткарылышы жөнүндө отчеттор Социалдык фонддун расмий сайтына жайгаштырылган. | Аткарылды |
Русский