Соцфондго бир айда миңден ашык кайрылуу түштү 📈

2026-жылдын январь айында Социалдык фонддун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына жалпы 1012 кайрылуу келип түшкөн.

📊 Статистика:
• 📞 Ишеним телефону аркылуу — 550
• 📱 Уюлдук ишеним телефонуна — 335
• 🗣 Оозеки кайрылуулар — 80
• ✍️ Жазуу түрүндө — 37
• 🤝 Жетекчиликтин кабыл алуусунда — 10 жаран.

✅ Элди эмне кызыктырат? Эң көп суроолор пенсиянын өлчөмүн жогорулатуу, индексациялоо, туура эсептөө жана топтоо бөлүгүн алуу боюнча берилүүдө.

Бардык суроолор боюнча адистер мамлекеттик жана расмий тилдерде толук жооп беришти.