❓ Пенсияны ишеним кат аркылуу алууга болобу?
✅ Ооба. Пенсионердин каалоосу боюнча пенсия Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте берилген ишеним каттын негизинде төлөнүшү мүмкүн.
📌 Эгер ишеним кат Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте таризделип, анын жарактуулугу жыл сайын тастыкталып турса, анда пенсия ишеним каттын бүткүл жарактуу мөөнөтүнүн ичинде төлөнөт (мөөнөтү 1 жылдан ашса да).
Русский