Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун 2025-жылдагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгү.
Социалдык фонд 2025-жылдын январь–декабрь айларында Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) 12,86–16,00% жылдык кирешелүүлүк менен 11 885,4 млн сом инвестициялады.
МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 12 жана 18 айлык мөөнөткө 5 925,0 млн сом өлчөмүндө жайгаштырылып, жылдык кирешелүүлүгү 12,1–16,5% түздү.
Ошондой эле МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү 4 987,2 млн сом өлчөмүндө Кыргыз Республикасынын эмитенттеринин акцияларына инвестицияланган.
Ошентип, отчеттук мөөнөттө бардыгы болуп 22 797,6 млн сом инвестицияланган.
2025-жылдын январь–декабрь айларында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:
• мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча киреше — 5 755,8 млн сом;
• депозиттер боюнча пайыздык киреше — 940,5 млн сом;
• МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше — 37,5 млн сом;
• башка кирешелер — 0,4 млн сом.
Жалпысынан, 2025-жылдын январь–декабрь айларында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 6 734,2 млн сом киреше алынган.