6-октябрда Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлери Бишкектеги Балдарды реаблиатциялоо жана үй-бүлөнү коргоо борборунда тарбияланып жаткан балдардан кабар алып, материалдык жардам көрсөтүштү. 

Соцфонддун кызматкерлери өздөрүнүн демилгеси менен айлык-акыларынын эсебинен чогултулган каражатка борборго керектүү кийим-кече, оюнчуктар, таттууларды тапшырышты. 

Социалдык фонддун кызматкерлери мындай колдоо балдардын маанайын көтөрүп, келечекке болгон ишенимин арттырарын белгилешти.

«Балдарга колдоо көрсөтүү абдан маанилүү деп эсептейм. Биздин бул сапар балдарга жылуу мамиле тартуулоо жана алардын керектүү буюмдарын, азык-түлүк жана оюнчуктарды алып берүү үчүн уюштурулду. […] Дароо көзгө урунар нерсе – алардын жөнөкөй адамдык көңүл бурууга болгон муктаждыгы. Ар бир бала менен өткөрүлгөн он мүнөт дагы алар үчүн абдан чоң мааниге ээ», – дейт Соцфонддун кызматкери Гулнара Кадырова. 

Балдар — биздин келечегибиз, аларга кам көрүү — ар бирибиздин ыйык милдетибиз!