Соцфонд борбордун тазалыгына салым кошууну улантууда.
Бүгүн, 2025-жылдын 12-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун борбордук аппаратынын кызматкерлери Бишкек шаарын көрктөндүрүү жана тазалоо иш-чараларына кезектеги жолу катышышты.
Ишембилик Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгын, Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 6-мартындагы №50-т тескемеси жана 2025-жылдын 12-мартындагы чыг. №01-16/484 каты, ошондой эле Социалдык фонддун 2025-жылдын 13-мартындагы №11 буйругунун алкагында уюштурулду.
Социалдык фонддун кызматкерлери бул жолу Чүй жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишиндеги аймакты жана ал жерде жайгашкан сейил бакты тазалап, бак-дарактарга кам көрүштү. Бул иш-аракеттер борборубузду көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга өз салымын кошууда.
Ишембилик — бул жөн гана тазалык эмес, бул кызматкерлердин командалык биримдигин бекемдеп, жарандык жоопкерчиликти арттырган иш-чара.