🌐Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун 2025-жылдын январь-февраль айларындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгү.

🔍Социалдык фонд 2025-жылдын январь-февраль айларында мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) 15,20-16,00% жылдык кирешелүүлүгү менен 3 687,6 млн.сом инвестициялаган.

💰МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 12 айлык мөөнөт менен 800,0 млн.сом өлчөмүндө жайгаштырылган, жылдык кирешелүүлүгү 12,4-12,8% болгон.

💹 Ошентип, отчеттук мөөнөттө бардыгы болуп 4 487,6 млн.сом инвестицияланган.

📊2025-жылдын январь-февраль айларында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:
• жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 1 049,6 млн.сом;
• депозиттер боюнча пайыздык кирешелер – 99,4 млн.сом;
• МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 7,4 млн.сом.

💸Бардыгы болуп 2025-жылдын январь-февраль айында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 1 156,4 млн.сом киреше алынган.