Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2024-жылдын жыйынтыгын чыгарды.
Бишкек, 19.02.2025-ж. – Бүгүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2024-жылдын жыйынтыгын чыгаруу боюнча кеңейтилген отуруму болуп өттү. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер Кабинетинин өкүлдөрү,
Социалдык фонддун жетекчилиги, ведомствого караштуу мекемелердин директорлору, ошондой эле райондук жана шаардык башкармалыктардын башчылары катышышты.
Социалдык фонддун башкы максаты өлкөнүн финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алып, пенсионерлерди пенсия менен камсыз кылуунун деңгээлин жогорулатуу болуп саналат. Алдын ала маалыматтар боюнча, 2025-жылдын 1-январына карата пенсионерлердин саны 797,4 миң адамга жетип, бул 2020-жылга салыштырмалуу 105,8 миңге көбөйгөн. Пенсиянын орточо өлчөмү жогорулатылгандан кийин 2024-жылдын 1-октябрына карата 10 695 сомду түзүп, бул 2020-жылга караганда дээрлик эки эсеге жогорулады. (5 665 сом).
2024-жылы пенсияларды жогорулатуу эки этап менен жүргүзүлдү. 1-июлдан тарта пенсиянын базалык бөлүгү 3170 сомго жеткирилип, мунун эсебинен 98000ге жакын пенсионердин пенсиясы жогорулаган. Ал эми, 1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18% га, бирок 1 000 сомдон кем эмес көбөйтүлүп, үч ай ичинде индексациялоого кошумча чыгымдар 3,9 млрд сомду түздү.
Пенсиялык системаны реформалоонун алкагында 2024-жылы пенсиялык саясатты өркүндөтүү боюнча бир катар иш-аракеттер аткарылды. Мунун алкагында негизгилери катары төмөнкү иштерди баса белгилөөгө болот:
• Пенсиянын базалык бөлүгүн толук өлчөмдө дайындоо;
• Пенсиянын биринчи камсыздандыруу бөлүгүн эсептөөнү жөнөкөйлөтүү;
• III топтогу майыптар үчүн пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн 100% ченде бекитүү;
• Багуусунан ажырагандыгы боюнча пенсия алгандардын жашын 18 жашка чейин жогорулатуу;
• Сырттан окуу бөлүмүндөгүлөр үчүн пенсия алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү;
• Жаран жашаган жерин алмаштырганда пенсиясынын райондук коэффициентти сактоо;
• Талап кылынбаган пенсияларды төлөө мөөнөтүн 3 жылдан 5 жылга чейин көбөйтүү.
Пенсиялык топтоолордун сакталышын камсыз кылуу үчүн КРУБнын баалуу металлдарына жана Ноталарына салымдарды кошуп алганда инвестициялык инструменттердин тизмеси кеңейтилди. Ошондой эле мамлекеттик турак жай программасынын алкагында Үлүштүк турак-жай куруу үчүн мамлекеттик пенсиялык топтомо фондунун (МПТФ) каражаттарын пайдалануу мүмкүнчүлүгү киргизилген.
2024-жылы ошондой эле МПТФнын каражаттарын мөөнөтүнөн мурда алууга уруксат берилген оор оорулардын тизмесине өнөкөт боор жетишсиздиги жана боордун циррозу кошулган.
Ишкерлерди колдоо үчүн тарифтер 27,25% дан 12,25% га чейин төмөндөтүлдү.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2024-жылдын январь-декабрь айларында 60 211 жаранга пенсия чектеди. Мындан тышкары, кошумча берилген документтердин негизинде (эмгек стажы, айлыгы, окуусу жана майыптыгы боюнча) 12 631 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелди.
Пенсияларды каржылоого кеткен каражат 91 002,5 млн сомду түздү.
МПТФ инвестициялары:
МПТФнын каражаттарынан 16 258,2 млн сом инвестицияланган:
• Мамлекеттик жана башка баалуу кагаздарга – 9 209,3 млн сом (кирешелүүлүгү 11,00–16,60%).
• Коммерциялык банктардын депозиттик салымдарына – 7 048,9 млн сом (кирешелүүлүгү 12,6–17,2%).
2024-жылдын январь-ноябрь айларында мурда салынган каражаттардан түшкөн киреше:
2024-жылдын январь-декабрь айларында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:
• жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 4 587,3 млн.сом;
• депозиттер боюнча пайыздык кирешелер – 939,6 млн.сом;
• МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 19,7 млн.сом.
• башка кирешелер – 3,3 млн.сом;
Бардыгы болуп 2024-жылдын январь-декабрь айларында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 5 549,9 млн.сом киреше алынган.
Топтомо пенсия: пайдалануу жолдору;
Жарандар пенсиялык топтомо каражаттарын төмөнкүдөй учурларда пайдалана алат:
1. Пенсия курагына жеткен жарандарга төлөп берүү.
2. Кыргызстандын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн чыгуу.
3. Камсыздандырылган адамдардын мураскорлоруна төлөө.
4. Ипотекалык кредиттерди жана үлүштүк негиздеги турак-жай курулушуна төлөө.
5. Расмий түрдө жумушсуз деп таанылган адамдарга пенсиянын топтомо бөлүгүндө акча каражаттары бар болсо төлөп берүү.
6. Оор Ооруларды дарылоо.
01.01.2025 боюнча Статистика:
Пенсиялык топтоо каражаттарын алуучулардын жалпы саны – 211 049 адамды түзүп, бул үчүн 4 584,5 млн сом суммасында акча каражаты төлөнүп берилген.
• Пенсионерлерге төлөө – 187 256 адам (2 525,5 млн сом).
• Кыргызстандын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн – 4 148 адам (215,7 млн сом).
• Мураскорлорго төлөө – 11 039 адам (301,7 млн сом).
• Аскер кызматчылары – 927 адам (9,4 млн сом).
• Ипотеканы төлөгөндөр – 6 969 адам (1 438,5 млн сом).
• Жумушсуздар – 255 адам (4,5 млн сом).
• Оор дарттарды дарылоо – 524 адам (90,2 млн сом).
Эл аралык макулдашуулар:
Түркиядагы эмгектенген Кыргызстандын жарандары пенсия алууга укугуна ээ. 2020-жылдан бери иш стажы тууралуу 311 суроо келип түшүп, анын ичинен 311 документ иштелип чыккан.
Ошондой эле, Түштүк Кореяда иштеген жарандар да бир жолку төлөм алышат. Буга чейин 88 жаранга төлөнүп, орточо көлөмү 3 642 долларды түзгөн.
Мындан тышкары, ЕАЭБ Келишиминин алкагында 99 жаранга пенсия дайындалды:
• Россиянын 90 жараны (Кыргызстанда 7 пенсия которулган, 1 пенсия токтотулган).
• Казакстандын 8 жаранына (2 пенсия токтотулган).
• Беларустун 1 жараны.
• Ошондой эле Россия Кыргызстандын 77 жаранына пенсиянын бир бөлүгүн дайындаган.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду пенсиялык системанын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу жана пенсионерлердин татыктуу жашоо деңгээлин камсыз кылуу үчүн пенсияларды жыл сайын индексациялоо иштерин улантат.