Сунуштардын жана жооптордун
РЕЕСТРИ

“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө “ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна жөнгө салуучу таасирин талдоону жүргүзүүдө ачык консультацияларды өткөрүүнүн жүрүшүндө

эл алдында консультацияларды өткөрүүнүн жүрүшүндө

 

Каттоо № Сын пикирлер жана (же) сунуштар Автор (ачык

кеңеш

берүүнүн катышуучусу)

Алган датасы Иштеп чыккан органдын позициясы
  1  2-2-берененин 3-пунктун төмөнкүдөй редакцияда баяндоо сунушу:

“– электр энергиясы, жылуулук энергиясы жана газ менен камсыз кылуу (жабдуу) боюнча ишти жүзөгө ашыруучу уюмдарга – аталган иш-аракет иштин негизги түрү болуп саналбаган жана кирешенин үлүшү жалпы пайданын 5% ашпаган уюмдарды кошпогондо.”.

 Эл аралык ишкерлер кеңешинин (ЭИК) бизнес-ассоциациясы 2024.21.10  Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун финансылык туруктуулугун камсыз кылуу жана калкты пенсия менен камсыз кылуунун деңгээлин туруктуу жогорулатуу боюнча милдеттерди чечүү зарылдыгына байланыштуу, ошондой эле аталган Мыйзам күчүнө киргенден бери жетиштүү убакыт өтпөгөндүгүн жана кабыл алынган ченемдердин ишкердик субъекттерине тийгизген таасирин аныктоо азырынча мүмкүн эместигин эске алуу менен, Эл аралык ишкерлер кеңешинин (ЭИК) бизнес-ассоциациясынын тарабынан берилген сунуш эске алынган жок.