🌐Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун 2024-жылдын январь-октябрь айларындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгү.
🔍Социалдык фонд 2024-жылдын январь-октябрь айларында мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) 14,95-16,60% жылдык кирешелүүлүгү менен 7 754,1 млн.сом инвестициялаган.
💰МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 12 айлык жана 18 айлык мөөнөт менен 6 148,9 млн.сом өлчөмүндө жайгаштырылган, мында пайыздык чен жылдык 13,1-17,2% болгон.
💹 Ошентип, отчеттук мөөнөттө бардыгы болуп 13 903,0 млн.сом инвестицияланган.
📊2024-жылдын январь-октябрь айларында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:
• жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 3 612,0 млн.сом;
• депозиттер боюнча пайыздык кирешелер – 691,3 млн.сом;
• МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 16,5 млн.сом.
• башка кирешелер – 3,3 млн.сом;
💸Бардыгы болуп 2024-жылдын январь-октябрь айларында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 4 323,1 млн.сом киреше алынган.