Пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө маалыматтык өз ара аракеттенүү жөнүндө Макулдашууга кол коюлду.
2024-жылдын 21-октябрында Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У. Жапаровдун расмий сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Россия Федерациясынын Пенсиялык жана социалдык камсыздандыруу фонду ортосунда маалыматтык өз ара аракеттенүү жөнүндө Макулдашууга кол коюлду.
Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Бактияр Алиев жана Россия Федерациясынын Пенсиялык жана социалдык камсыздандыруу фондунун төрагасы Сергей Чирков кол коюшту. Макулдашуу Евразия экономикалык биримдигинин мүчө мамлекеттеринин эмгекчилерин пенсия менен камсыз кылуу боюнча документтерди электрондук түрдө алмашууну жөнгө салат жана маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.