📢 Соцфонддун Бишкек жана Ош шаарларындагы калкты тейлөө борборлорунан пенсия боюнча кызмат көрсөтүүнү улантууда!

🔔Биз Бишкек жана Ош шаарларынын жарандарына калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) КР Соцфондунун терезелери ийгиликтүү иштеп, пенсиялык кызматтардын кеңири спектрин көрсөтүп жатканын эскертебиз.

Бишкек ш. КТБнын даректери:

📍КТБ-1: 12 мкр., Нуркамал Жетикашакаева көч. 29;
📍КТБ-2: Чолпон-Ата көч. 2;
📍КТБ-3: Жаш Гвардия бул. 4;
📍КТБ-4: Жибек Жолу пр. 381.

📍Ош ш. КТБнын дареги – Касымбеков көч. -8 г/1.

🛠️Жеткиликтүү кызматтар:

🔹️ пенсия дайындоого;
🔹️ пенсияны кайра эсептөөгө;
🔹️ пенсиянын өлчөмү жөнүндө маалымкат алууга;
🔹️ жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмө алуу;
🔹️ пенсия төлөөнү узартуу;
🔹️ сөөк коюуга ырым – жырым жөлөкпулун алуу;
🔹️ пенсияны төлөө каналын алмаштыруу;
🔹️ пенсиянын топтоо бөлүгүн алуу боюнча арыз.

📌Ошондой эле пенсиялык күбөлүк берүү каралган.

🕒Иш убактысы:
Саат 9:00дөн 18:00гө чейин, түшкү тыныгуу 12:30дан 13:30га чейин.

📞Кененирээк маалымат алуу үчүн Социалдык фонддун Call-борборуна 1202 телефону аркылуу кайрылыңыз.

🌟Сиздерди сапаттуу жана өз убагында пенсиялык кызматтарды көрсөтүү үчүн КТБорборлорунан көргөнүбүзгө кубанычтабыз!