Урматтуу улуу муундун өкүлдөрү, ардактуу аталар, апалар!

Бүгүн, “1-октябрь Эл аралык карылар күнүн” белгилеп жатабыз. Бул күн биздин коомго баа жеткис салым кошуп, мекенибиздин өнүгүшүнө ак ниеттүүлүк менен кызмат кылган биздин кутман карыларыбызга арналган. Улуу муундун өкүлдөрүнүн турмуштук тажрыйбасы, акылмандыгы жана туруктуулугу жаңы муундарга дем берет.

2024-жылдын 1-октябрынан тартып пенсионерлердин жашоо деңгээлин мындан ары жогорулатуу максатында биз пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 18% га, бирок 1000 сомдон кем эмес жогорулатуудабыз. Бул чаралар карылардын жыргалчылыгын колдоого жана жаркын турмушта жашоосуна багытталган. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду улгайган жарандардын кызыкчылыктарын колдоого жана коргоого багытталган программалардын үстүндө иштөөнү улантууда.

Кадырман карыялар!

Сиздерге бекем ден соолук, бакубат жашоо, дөөлөттүү карылык жана үй-бүлөлүк жылуулук каалайм. Ар бир күнүңүздөр жакындарыңыздын кубанычына жана камкордугуна толуп турсун.

Урматтоо менен,

Бактияр Алиев

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы.