Соцфондго 2024-жылдын январь-август айларында 6806 кайрылуулар келип түшкөн

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына 2024-жылдын январь-август айларында 6806 кайрылуулар келип түшкөн, анын ичинде:

  • жазуу түрүндө кайрылуулар – 342;
  • ооз эки кайрылуулар – 918;
  • КР Соцфондунун жетекчилиги тарабынын кабыл алынды – 92 жаран;
  • ишеним телефондор аркылуу –3122;
  • уюлдук ишеним телефону аркылуу – 2332.

Жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук, оозеки) кайрылуулардын тематикасы боюнча төмөнкү багыттарда суроолор келип тушөт:

  • пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө;
  • мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө;
  • пенсияларды индексациялоо тууралуу;
  • пенсияга укугу боюнча;
  • пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө тууралуу;
  • пенсиянын өчөмүнө кайра эсептөө боюнча;
  • пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө жөнүндө;
  • КР СФ ишмердүлүгү боюнча башка суроолор.

Социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө келип түшкөн баардык суроолор боюнча  мамлекеттик жана расмий тилде  жеткиликтүү жооптор берилип келүүдө.